Мамлекет Кыргызстанда уруксат берилген монополия ишканаларды көзөмөлдөбөйт.
2017-жылдын 12-февралынан тарта Кыргызстан 2014-жылы ЕАЭБге киргенден кийин кол коюлган келишим күчүнө кирет.
Эми “уруксат берилген монополия” термини жокко чыгарылып жана буга чейин уруксат берилген монополиянын субъекттерин жөнгө салуу мүмкүн болууда. Бул ишкердикке ашыкча кийлигишүүнү чектөө үчүн киргизилген.
Буга чейин уруксат берилген монополияга күйүүчү май, суюлтулган газ, асфальт-бетон аралашмасы, ритуалдык кызматтар, катуу тиричилик калдыктары, май куюучу жайлар тармагында кызмат көрсөткөн уюмдар кирчү.
2017-жылдын 12-февралынан тарта “Кыргызстандын ички соодасы” тууралуу мыйзамдын 11-беренеси дагы күчүнө кирет. Эми Өкмөт кардарлардын укугун коргоо үчүн баа бир ай ичинде 20 же андан ашуун пайызга жогорулап кетсе ички рыноктогу социалдык маанилүү товарлардын сатылуу баасын көзөмөлдөй алат.
Өкмөт көзөмөлдөөчү товарлардын тизмесине Аи-80 жана Аи-92 маркасындагы майлар, дизель майы жана суюлтулган газ кирмекчи.