Жакында Кыргызстанда банкка салым боюнча кепилдиктин суммасы жогорулагандыгы белгилүү болду. Эми эгер кокус банк жабылып калса, анда мамлекет акча салган адамга 200,000 сом төлөп берет. Акча салган адам колуна калган суммадан канча алары банктын банкроттук учурунда канчалык иши начар болгондугу менен байланыштуу. Балким банктын банкроттук учурунда акча салуучу адам 200,000 сомдон тышкары эч нерсе албай калышы да мүмкүн.
ЭКОНОМИКА бул өтө жагымдуу жаңылык деп эсептейт. Кыргызстанда салымдын кепилденген бөлүгүнүн өлчөмү мисалы, Россияга караганда дагы эле төмөн экендигине карабай (ал жакта кепилденген сумма 1,5 миллион рублди түзөт), бул кепилдик көптөгөн банкка акча салган адамдарды өздөрүн бейкапар сезүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.