Эми Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги өздөрү сарптай турган бюджеттик акчанын көлөмүн көбөйтүү үчүн (чиновниктер бюджеттик акчаны кайда жумшай тургандыгын баарыбыз жакшы билебиз), өзүнүн жер жерлердеги кызматкерлеринен текшерилген уюмдарга көбүрөөк айып салууну талап кылмакчы.
Мамэкотехинспекциянын текшерүүчүлөрү менен «маселени чечүү» мурда деле оңой болгон эмес (бул уюмдун мыйзам боюнча ыйгарым укуктары өтө эле көп жана алар текшерген стандарттар реалдуу турмуштан өтө эле айырмаланып турат); эми буга дагы жетекчиликтин айып салууну көбөйтүү тууралуу расмий эмес талабы кошулууда.
ЭКОНОМИКАнын көз карашы ишканалардын өндүрүштүк жана экологиялык коопсуздукка туура келе турган эрежелерин жеңилдетүү керектиги жөнүндө болууда. Биз беш адам иштеген кичи ишканага да, ири заводко да эрежелер бирдей экендигин билебиз. Эгер ири заводдо баарын нормативде талап кылынган эрежелерге ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгү али бар болсо, кичи бизнестин ээлери алардын баардыгын сактоого шарты жок. Андыктан аларга текшерүүчүлөр менен “сүйлөшүү” гана жолу калат.