• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Президент Уларбек Шаршеевге мамлекеттик чек аранын тартибин сактоо боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин тапшырды

38217

👁 667

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Мамлекеттик чек арадагы пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелери жана абалы талкууланды.

Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны күзөтүү жана коргоо боюнча, ошондой эле кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жакында болуп өткөн окуяларга байланыштуу абал боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берилди.

Мындан тышкары, Уларбек Шаршеев Президенттин Чек ара кызматынын ишмердигин жана жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин жакшыртуу жөнүндө бир катар тапшырмасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымдады.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан, өзгөчө жергиликтүү тургундар жашаган чек арага жакын жерлерде көзөмөлсүз өтүүгө жол бербеш үчүн уюштуруучулук жана техникалык мүнөздөгү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ведомствонун алдына ар түрдүү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн мамлекеттик чек аранын тартибин сактоо боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин тапшырды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы участокторунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун көбөйүшүн эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорттун көп топтолушуна жол бербөө иш-чараларын улантууну тапшырды.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын кеңешчиси Жеңиш Разаков дагы катышты.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости