Көп жылдардан бери айтылып келаткан долбоор ордунан жылды. Аны ишке ашырууга КРнын Өкмөтү 40 млн. сом бөлдү, ал эми Россия 450 миң АКШ доллары суммасында каражат берди.
Биз баарыбыз ири жана майда мүйүздүү малдарды идентификациялоо демилгесин 2008-жылы эле мурдагы экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров жигердүү алга жылдыргандыгын билебиз. Ошол учурда бул келечекти көрө билген демилгени жалкоолор гана сындабай, күлкүгө айланткан эмес.
Анткен менен азыр өлкөбүз ЕАЭБдин курамына толук бойдон кирүү үчүн бул демилгеге каражат табууга мажбур болду. Бүткүл дүйнө жүзү эбак эле ушул схема менен иштейт, Россия, Белоруссия жана Казакстан тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгышып, кабыл алышкан. Биз болсо эми баштадык.
Бирок эч болбосо да кеч болсун.
Эми фермерлер, малчылар арасында бул системаны киргизүүнүн ЕАЭБ жана дүйнө рыногундагы татыктуу атаандаштык үчүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы боюнча сабаттуу окутууларды жүргүзүү керек.
Тилекке каршы, алгачкы көйгөйлөр жаралды. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчисинин орун басары Аширбай Жусуповдун айтуусунда, парламент жыйынынын жүрүшүндө – ведомство малды идентификациялоо үчүн кулакка тага турган бирканы сатып алуу боюнча үч ирет тендер өткөргөн, ал эми жеңүүчү азыркыга чейин аныктала элек. Бул учурда жабдык жана башка компоненттерди жеткирүү үчүн атаандашкан фирмалар бири-бирине сот аркылуу таш ыргытууга үлгүрүштү.
Эң негизгиси демейдеги боло жүргөндөгү абал кайталанбаса экен.
Коомчулукта өтө ар кандай татаал суроолор жаралууда. Мисалы, бүткүл дүйнө жүзүндө малды идентификациялоо имплантациясы малга микрочип орнотуу технологиясы аркылуу жүрөт. Ал эми жабыштыруу, татуировка, биркалоо (кулагына визуалдык бирка жана кулакка электрондук бирка орнотуу), ооздук же краска – бул эми эртеңки күн болуп калды.
Биз маалыматтарды карап, биркалоону гана киргизүүгө камдануудабыз. Демек, бул эми эскирип калган технология. Же мындай эмеспи? Айыл чарба министрлигинин түшүндүрмөсүн күтө туралы.
Белоруссияда да жакында эле ири мүйүздүү малды идентификациялоо боюнча программа башталды.
2015-жылы 15-июлда Беларусь Республикасынын «Айыл чарба малдарын(үйүрлөрдү) идентификациялоо, каттоо, эсепке алуу, мал чарба тармагындагы азыктарды идентификациялоо жана эсепке алуу тууралуу» Мыйзамы кабыл алынган.
Мыйзам мал чарбасынын азыктары жана сырьёсун мамлекеттик көзөмөлгө алуу жана натыйжалуу текшерүү жүргүзүүнү түзүүгө багытталган.
Анткен менен тиешелүү системаны түзүү жана киргизүү мыйзам кабыл алынганга чейин эле башталган. 2012-жылы эле айыл чарба малдарын өндүрүштүк максатта иштетүү жана мамлекеттик автоматташтырылган системаны идентификациялоо, каттоо жана көзөмөлгө алуу (андан ары – мамлекеттик маалыматтык система) «Мал чарбасындагы маалыматтык борбор» түзүлүп, иштей баштаган.
Үч жылда чоң иш жасалган. Бүгүнкү күндө малдарды идентификациялоо Беларустун 23 районунда жүргүзүлөт, акырындап башка райондор да камтылат. Бир нече жүз миң ири мүйүздүү мал идентификацияланган. Азыр жылкыларды идентификациялоо жана каттоо башталды.
Быйылкы жылы кой, эчки жана чочколор идентификациялоо, каттоо жана көзөмөлгө алуу боюнча маалымат системасы иштелип чыгат. Кайра иштетүүчү ишканаларга да идентификациялоо жана көзөмөл жүргүзүү системасы киргизилүүдө.
Бажы союзу, Европа союзу жана башка мамлекеттердин малды идентификациялоо жана каттоо кызматтары менен да иш жүрүүдө.