“Кепилдик фонд” ААК (“ГФ” ААК) экономиканын артыкчылык берилген секторундагы чакан жана орто бизнестеги, анын ичинде экспорт багытындагы ишканаларга күрөө менен камсыз кылуу көйгөйү орун алган учурда каржылык кепилдик берет. Айыл чарбасы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, өнөр жай өндүрүшү, экспорт багытындагы жана импорттун ордун алмаштыруучу ишканалар, транспорт-логистика, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарына кепил болуп бере алат.
Үстүбүздөгү жылдын 28-февралга карата жалпы суммасы 284,9 млн сом болгон 275 кепил өткөрүп берди. Ишкерлер кепилдин негизинде банктардан 1,085 млрд. сом кредит алышып, бизнес-пландарын орундатышты. Алынган кредиттердин жардамы менен жаңы иш орундары түзүлүп жана учурда иштеп жаткан иш орундарына колдоо көрсөтүлүп келет. Кепилдик берүүдө айылдык ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулат. Ресурстардын жарымынан көбү дал айыл жергесинде жайгашкан. 2018-жылдын январ айынан баштап, 28-февраль күнүнө карата 36,8 млн. сом түзгөн 38 кепилдик берилди. Кепилдиктердин негизинде ишкерлер банктардан 113,1 млн. өлчөмүндө кредит алышты.
“Бир район- бир ишкана”программасынын алкагында бардык аймактарда жаңы ишканалар ачылып, иштеп жаткан ишканаларда жаңы багыттар каралат. Эң негизгиси жарандар жумуш орундары менен камсыз болуп, жалпы инфраструктуранын жакшырышына алып келет.
Экономикалык тармактарга берилген гарантиялар жөнүндө маалымат:
№ | Экономикалык тармактары | ГФ бекитилген гарантиялары, кошумча берилген | Банктардын бекитилген насыялары, кошумча берилген | |||
Сан | сумма (млн.сом) | үлүш | сумма (млн.сом) | үлүш (%) | ||
1 | Айыл чарба жана балыкчылык | 123 | 55,2 | 19% | 165,3 | 15% |
2 | Иштетүүчү өнөр жай | 25 | 51,0 | 18% | 248,1 | 23% |
3 | Соода-сатык | 64 | 87,6 | 31% | 341,6 | 31% |
4 | Туризм | 11 | 20,9 | 7% | 108,2 | 10% |
5 | Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо | 24 | 15,5 | 5% | 44,2 | 4% |
6 | Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү | 15 | 34,0 | 12% | 97,3 | 9% |
7 | Кызматтар | 9 | 14,1 | 5% | 45,8 | 4% |
8 | Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр | 2 | 1,9 | 1% | 4,8 | 0,4% |
9 | Куруу | 1 | 2,9 | 1% | 25,3 | 2% |
10 | Саламаттыкты сактоо | 1 | 1,9 | 1% | 4,8 | 0,4% |
Бардыгы: | 275 | 100% | 1 085,5 | 284,9 | 100% |
Айыл чарба жана балыкчылык тармакта эмгектенген ишкерлерге 55,2 млн. сомду түзгөн 123 кепилдик берилди. Бул кепилдиктердин негизинде алар банктардан 165,3 млн. сом суммасындагы насыя алышты.
- Иштетүүчү өнөр жай тармагына 51 млн. сом суммасында 25 кепилдик берилди;
- Ишкерлер 248,1 млн. сом көлөмүндө насыя алышты;
- Соода-сатыктын инфраструктурасына 64 гарантия берилди, алардын суммасы 87,6 млн. сом түздү.
Туризм инфраструктурасына 20,9 млн. сом түзгөн 11 гарантия берилди;
Ишкерлер алган насыялардын көлөмү 108,2 млн. сомду түздү;
Транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо тармагында иш жүргүзгөн ишкерлерге 15,5 млн. сом түзгөн 24 кепилдик берилди;
Алардын банктардан алган насыялардын суммасы 44,2 млн. сомду түздү.