Бүгүн, 18-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, Д.Исаева, П.Тулендыбаев, А.Исмаилова.
2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Экмат Байбакбаев алып чыкты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору мал жандыктарын идентификациялоонун эрежелерин жана талаптарын, ошондой эле малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн көзөмөлдү жана жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган. 1-окуудан соң мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүлгөн.
1-окуудагы талкууда депутат Мирлан Бакиров менен депутат Элвира Сурабалдиева идентификациялоо жана малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдун өлчөмүн 1000 сомго түшүрүү боюнча сунуштарын беришкен.
Демилгечи депутат Экмат Байбакбаев азыркы кезде 1000 сом айыппул деген арзыбаган каражат экенин айтып, мындай өлчөм менен долбоор кабыл алынса, мыйзам аткарылбай калаарын белгиледи. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов дагы ушундай пикирди кармана тургандыгын ортого салды. Комитет мүчөлөрү мындай жүйө менен макул болушуп, демилгечилер сунуштаган долбоордогудай жарандарга 5000 сом, эридикалык жактарга 7500 сом өлчөмүндө айыппулду калтыруу боюнча долбоорду колдоп беришти.
Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.