Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жакынкы аралыкта экстремалдуу аба ырайы көп болот деп келет, бул болсо ар бир аймактын азык-түлүк коопсуздугуна жана түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизет.
Кудайга ишен, өзүн дагы аракет кыл!
Албетте, биз жаратылыш берген байлыкты колдоно билүүбүз керек: жайыт тоютунун эсебинен ата-бабаларыбыз миңдеген малдарын багып келишкен, учурда малдын саны өсүп жатканына байланыштуу жайыттардын такырлануусу күч алууда, бирок даяр тоюттарды бергенден көрө жайыттарды пайдалануу алда канча арзан болуп саналат. Демек, жайыт чарбасын өнүктүрүп, аны кайра калыбына келтирүү керек.
Кара-Суу районунун жайыт колдонуучуларынын төрагасы Н. Солтонов тиешелүү агротехниканы колдонуу менен жана жайыттарды туура колдонуу чөптүн түшүмдүүлүгүнөн кепилдик берет. Жайытка кетирген чыгымдар эки эле жылда акталат, башкача айтканда, тоюттардын баасы арзандап, малдын дагы баасы төмөндөйт.
Кыргызстандын Мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илимий-изилдөө институтунун тажрыйбасы
Кыргызстандын Мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илимий-изилдөө институту жерлерге тоют чөптөрдү себүү менен бир нече жылдан бери алектенип келет. Илимий кызматкерлер билдиришкендей, кылынган эмгек келечекте акталып, баарына: дыйкандарга, малдарга, жайыттарга, мал багуучуларга пайда алып келет. Мисалы, бир гектардан жок дегенде 20 тонна чөп жыйноого мүмкүн.
Беде, эспарцет сыяктуу чөптөр малдар үчүн мыкты тоют болуп, жерди семиртүүдө дагы маанилүү роль ойнойт.
Бул изилдөөлөрдөн сырткары институт эспарцеттин жаңы сортун алуу менен алек. Булардын арасында пестицид өсүмдүктөр дагы бар, анын жардамы менен малдарга зыян келтирбестен зыянкечтерден сактаса болот. Мунун негизинде биопестициддерди иштеп чыгуу технологиясы иштелип чыккан.
Фермерлер партага отурушту
Адистер дыйкандарга жана малчыларга көп жылдык тажрыйбалары менен бөлүшүп, түшүмдү мол берген, тоютту камдоого ылайыктуу болгон чөптөр менен жана аларды кантип бакса болору менен тааныштырып келишет. Люцерна, беде, эспарцет жана башка чөптөр кышкыга малдарга камдалган тоюттар болуп саналат.
ФАО жайыттарды баалоо ыкмаларын иштеп чыкты
Жайыттардын абалы менен тааныш болбогон малчылар жайыт ресурстарын туура колдоно алышпайт. Бул демек белгилүү бир жерде канча чөп сепсе болорун билүү дегендик.
Бир нече жыл мурун ФАО жайыт комитеттеринин мүчөлөрү маалыматка ээ болуусу үчүн бир топ иштерди аткарышкан. Малчылар жайыттарды колдонууну өздөштүрүп калышкан, анын ичинде үрөн себүү да бар болчу. Практикалык окуулар учурунда жайыт колдонуучулар кеңешчилерден жайыттардын тибин аныктоону үйрөнүшкөн, чөптөрдүн, бадалдардын түрү менен таанышып чыгышчу. Малдар кайсы чөптү жесе жакшы болорун, кайсы чөптөр уулуу экенин жана башка нерселерди окуп үйрөнүп келишкен. ФАОго келип окуп турган адамдар башка малчыларга билгендерин айтып беришчү. Демек, учурда кызматы үчүн көп каражат сураган адистерди издеп кереги жок!
Жайыттар – бир катар пайда
Жайыттарды түзүү – тоют өстүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Себеби сүт жана эт мол болуусу үчүн чөптөрдүн мааниси зор эмеспи.
Эксперттер жайыттарга чөп үрөндөрүн себүү климаттык шарттарга туруктуу болуп, экономикалык жактан дагы пайдалар болорун билдиришти. Эң башкысы жайытты өз колу менен кургандар ага этияттык менен мамиле кылат!
Бул демек, чөптөрдү жайыттарга өстүрүү убактысы келет дегенди билдирет. Тоюттарды себүү менен адистер дароо бир нече маселени чечсе болорун белгилеп келишет: малды тойгузуу, малчыларды тынчтандыруу жана жайыттарды бузулуудан сактоо.
Ирина Байрамукова