• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мүрзөчү менен маек. Мүрзө ченемдери же башкалар бул жакта жүрбөйт.

detskaya-prestupnost

👁 3,728

Бүгүн биз көз жумгандарды акыркы сапарга узатууга кам көргөндөр менен маектештик. Ал кишинин атын жарыялабай эле коюуну чечтик. Материал цензурасыз берилди.

–Бул мүрзө мэрияга карайт жана анын жетекчиси дагы мэрия тарабынан дайындалат. Жетекчи болсо мүрзө башчысын (заведующий) шайлайт жана анын жанында жардамчылары, кароолчулары, көр казуучулар бригадасы болот. Көр казуучулар арасында бригадага кошулбай, жеке иштегендер да бар.

–Көрдү көп адам казабы?

–Көп. Кышкысын жумушсуз калгандардын көбү көр казышат, атүгүл айрым учурларда жумуш талашып калышат. Жайкысын дагы иштегендер бар, бирок расмий иштегендер гана маяна алышат, а булар айлык алышпайт. Айлыкка иштегендер айына бир жолу өлүкканага барышып, таанылбай калгандардын же селсаяктардын сөөктөрүн 5–6дан кылып алып келип, юаарын бир жерге көмүшөт.

–Бир көргө 5 адам көмүлүп жатса алардын ким экенин кантип билишет?

–Ар бир сөөктүн өз белгилери болот. Биринин тиши, биринин калы дегендей, мындан сырткары буттарында аттары жазылган биркалар болот. Эгерде 2–3 жылдын ичинде туугандары табылып калса, анда биздеги балдар көрдү кайра казышып, сөөктү алып чыгып беришет, буга кошумча акы төлөнөт. Акчасы тууралуу башчы менен сүйлөшүшөт дагы, көр казуучуларга дагы акы төлөнөт.

–Азыр баалар кандай?

–Көрдү казып, кайра көмүп бергендери үчүн мусулмандардан 3000, христиандардан 200 сом алынат.

Калган каражаттар тууралуу өздөрү ич ара 5000 сомдон 40 000 сомго чейин сүйлөшүп алышат.

Мүрзө мамлекетке караганы менен бул жерде өздөрүнүн баалары бар жана ушундан каражат таап келишет. Бул жерде 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келген түрк улутундагы адам бар. Бул жерде канча жетекчи алмашканы менен ал дагы деле иштеп келет.

Ал бул жерде бригадир катары катталганы менен көр деле каза берет. Көп жылдан бери ушул жерде иштеп келгени менен былтыр иштен оолактап кеткен. Анын ордуна башка бирөөнү алышкан, бирок бир жылдан соң кайра эле жумушка алышты.

Эмнеге? Анткени ал ортомчу болгондуктан кардарлардын баары ага барат. Ал бааларды бычып, жер көрсөтүп берет, кыскасы баарын ошол чечет. Жетекчилик менен кирешесин бөлүшөбү жокпу билбейм.

–Демек мүрзө бизнеси дагы бар экен да?

–Ооба да. Бул жердин кирешеси дагы жакшы. Жанагы мен айткан адам килтейген Лексус минип жүрөт.

–Ошол адам баарына көз салып турса анда жетекчи эмне иш кылат. Сиз аны дайындашат дедиңиз го…

–Ооба бригадир бар, алар кирешени бөлүшүшөт. Бригадир дайыма ушул жерде, ушул жылы келди, мурун башка болчу. Булар бат-баттан алмаша беришет.

–Бул жылы мүрзөнүн четин тосуп, оңдоо иштери жүрүп жатат го…

–Оңдоо жүрүп жатат деп айтышканы менен, чындыгында кеңейтүү болуп жатат. Мүрзөлөрдүн арасында жерлер бар, аларды таап сатып жатышат. Бир эле орун бул жерде 15 000 сом турат. Бирок мусулмандарга жана христиандарга эки башка баада сатылат.

–Бул айылда жашаган жергиликтүү калк дагы жерди сатып алабы?

–Ар бир айылга бөлүнгөн жерлер бар. Ороктуктардын мурун эле бөлүнүп берилген өз жери бар, алар ошол жактарга көмүшөт. Башка айылдардын дагы: Жалдын, Сарбандын, Жогорку Ороктун мүрзө үчүн бөлүнгөн жерлери бар. Арча-Ьешик жана жаңы конуштардын жерлери жок. Негизинен маркумдарды кичи мекенине көмгөнгө алып кетишет, ал эми мүмкүнчүлүгү жоктор бул жакка коюшат.

–А сен өзүң кантип бул жакка келип калдың эле? Иштеп жатканыңа канча жыл болду?

- Мен мектепти бүтөрүм менен көр казып баштагам. Ал кезде жумуш арзан бааланчу. Бир көр үчүн 300 сом алчубуз. Бул 2000-жылдарга туура келет. Андан бери далай кишилер алмашты…мэр алмашары менен жетекчилик дагы дароо алмашат.

Азыр көрлөрдү бош жердин баарынан казышууда. Жада калса басканга жол калган жок. Бир, эки жол калды окшойт, бирок ал жерлер дагы мүрзөгө айлана баштады.

Орустар келгенде бул жерде киши батпай калат. Жол өтө кууш болуп кетти. Мүрзөнүн жолдорунун баары казылып бүттү. Бирок азыр асфальтты казбоо тууралуу мыйзам чыккан.

–Асфальттын астында да маркумдар көмүлгөнбү?

–Жок! Жолду казып атышпайбы, ошону казбагыла деп чыккан да. Болбой эле көрүнбөгөн жерлерди казып жатышат.

–Мүрзөнүн жанында көп үйлөр пайда боло баштады, алардын документтери барбы?

–Жок, албетте, булар мыйзамсыз курулган тамдар. Алар акырындап жерлерди басып алып жатышат, бул жерлер мүрзөнүн жерлери да. Ар кандай талаш-тартыштар чыгып келет, биз мүрзөнүн айланасын тосуп жатканда тоспогула деп чыгышты, биз аларга чек ара тууралуу түшүндүрдү, бирок алар бизди уккан да жок.

–Көр казып жатканыңарда маркумдардын туугандарында кандайдыр бир талаптар болобу?

–Биз жөн гана казып беребиз да, кээде ар кандай сураныч менен кайрылгандар болот.

–Кандай сураныч?

–Көбүнчө айылдан келген аксакалдар минтип казгыла, тигиндей казгыла дей беришет. Шаардыктар болсо унчугушпайт. Бирок биздин балдар жумушун жакшы билишет. Орустарда деле ошол.

–Мүрзөдөгү кайсы жерлер кымбат болот?

–Жолдун жээгиндеги орундар кымбат, тоого жакын жактары арзаныраак.

–Тоо жактарга кантип барышат?

–Ичке жолдор менен эле басып кетишет.

–Расмий белгиленген баалары барбы?

–Албетте, бар. Бул мамлекеттик мекемеге караштуу жер да. “Эски толчокто” комбинат бар, ошол жерде жетекчи отурат, ал жакта баары сүйлөшүлөт.

Бул жердеги балдар кадимкидей эе айлык, премия алып турушат. Мисалы, көр казгандардын маянасы 7–8 миң сом, ал эми жайкысын таштанды чыгаргандар, кароолчулар 3,5 миң сом айлык алышат.

–Силер болсо көр казып эле иштейсиңерби же дагы кошумча кызматтарды кыласыңарбы?

–Негизинен маркумдарга эстелик жасоо менен алек болобуз. Баары бизге кайрылышат. Биринчи тосмолорду жасайбыз, андан соң эстелик тургузабыз. Эстеликтердин баасы 5000 сомдон башталат.

20–40 метрлик кымбат таштар дагы бар. Алардын баасы 50 000 сомго чейин барат. Бул таштар Кытайдан алынып келинет. Биз аларды сатып алып, өзүбүздүн таштарыбыздан кошуп жасап беребиз.

Жазында жумуш көп болот.

Тосмонун ичин тазалап, сырдап бер, плитка коебуз деп орустар көп кайрылышат. Аларда дайыма иш көп болот. Мурун кыргыздар тосмо гана орнотушчу, азыр болсо эстелик, плитка кое башташты.

–Кайсынысы кымбатыраак болот?

–Экөө бирдей эле. Баары тосмого буйрутма беришет, анын түрлөрү көп. Мраморго сүрөтчү маркумдун сүрөтүн тартып, акысына 1500 сом алат. Орустар мүрзөлөрдү жакшы карашат. Германиядан, Орусиядан туугандары келишет. Кыргыздар көп деле карабайт, эми бул адат орустарга да өтө баштады.

–Көр казып жүрүп канча каражат таптың?

–Башында 300 сомдон алчумун, кийин 500, анан 1000, азыр болсо 3000 сомдон табам. Мурун күнүнө бир көр казчумун, анткени башкалар дагы иштеши керек да. Ошондуктан кезектешип алчубуз.

–Үйүңдөгүлөр ишиңе кандай карашат?

- Башкысы бул ишим киреше алып келүүдө да. Биз маңдай терибиз менен акча таап жатабыз да. Жайында жакшы жумуш көп болот. Эстеликтерди жасоого буйрутмалар келет. Бул жерди негизинен түрктөр ээлеп алышкан.

Бул райондо алар көптөн бери жашашат, туугандары, небере-чөбөрөлөрү менен өмүр бою ушул жерде жашап, ээлик кылып калышкан. Азыр гана жергиликтүүлөр барып иштеп калышты, мурун бир гана түрктөр иштешчү да. Себеби бул чоң бизнес.

–Бул эмне сезондо башталчу ишпи же кышында адамдар аз көз жумабы?

- Кышында жумуш анча көп болбойт. Көр казып, аны көмүү менен гана алек болобуз. Күн жылуулаганда гана тосмолорго буйрутмалар бериле баштайт. башташат. Орустар пасхага чейин тосмолорду кое беришет. Бул жерде бир орунду алганда жанына бош жер болсо туугандары ошону да сатып алышат.

–Кыргыздар жерди эрте эле сатып алышабы?

–Ооба. Мисалы, күйөөсү өтүп кетип, аны койгон жердин жанында орун болсо ал жерди сатып алышат дагы, керек болсо эстеликтерди дагы эрте эле жасатып коюшат, болгону өлгөн күнүн жаздырбай турушат. Негизинен булар орустар, бирок кыргыздар деле жер сатып алган учурлар кездеше баштады. Балким жер кымбаттап кетет дешеби, билбейм.

–Балким алар дал ушул жерде, тууганымдын жанында жатайын дешсе керек да. А силер жумуш дайыма болуп турушун кааласаңар керек э? Дарыканада иштегендер оору тилейт деп кулагым чалды эле…

- Эми болот…кээде эч кандай буйрутма жок го деп сүйлөшүп калышат, буйрутманы алуу үчүн эрте эле кезекке туруп коюшат.

–Буйрутма жок болсо жакшы го, адамдар өлүшпөйт да дегеним…

- Биз кааласак да, каалабасак да адамдар өлөт жана туугандары бул жакка алып келишет. Негизи баалар комбинаттын кире беришинде жана бул мүрзөдө дагы жазылып турат. Ал жакка барышса баа арзаныраак болот, бирок көбүнчөсү эле бул жакка түз келишип, жеринде сүйлөшүшөт.

Жакыны каза болгондор маалыматтын жоктугунан дароо ушул жакка келишет окшойт. Кайгы башка түшкөндө эч ким ойлонуп деле отурбаса керек. Мисалы бул жердегилердин баарын камаса болот. Кийин кайгысын басып ойлонуп отуруп жер үчүн көп каражат берип коюшканын билишет.

Мисалы кардар катары келип, бааны бычып туруп акчаны алып жаткан жеринен кармаса болот. Бул жакка текшерүү келгенде ишти дароо акча менен бүтүрүп коюшат. Аларга канча акча беришерин билбейм, бирок муну элдин баары эле билет.

Күнүнө бригадир жана анын 3–4 жардамчысы 100 000 сомго чейин таап кетишет. Жетекчиге канчасын берерин билбейм, бирок анын да өз долясы бар да. Буга чейин жетекчи өзү бригадир болуп иштечү, ошондуктан системаны жакшы билет.

–Ишиңе өзүң кандай карайсың? Күн сайын көр казып, өлгөндөрдү көмүп…

- Эмне кылам башка жумуш жок болсо. Жакшы маяналуу иш болсо кетмекмин. Кышында эле иш аз болбосо күн жылууда жакшы эле акча табам.

–Башка жакта иштөөгө аракет кылып көрдүң беле?

- Ооба иштегем. Бул жакта жакшыраак. Эч кимге зыяның тийбейт, отуруп алып тосмолорду, эстеликтерди жасайсың дегендей.

–Жумушуңа байланыштуу кызыктуу окуялар болду беле?

–Ооба, уурулар кирип тосмолорду уурдаган учурлар кездешет. Мурун көп уурдашчу, азыр азайып калды. Кароолчу кире бериште отурат да. Мүрзө болсо чоң, кароолчу жалгыз.

Азыр тосмолорду, эстеликтерди уурдап, аны кайра жасап саткан учурлар бар. Биз бир жолу уурдалган эстеликти таап алып, ордуна койгонбуз. Бул жерде эл көп болот да, баарына көз салып туруу мүмкүн эмес. Бул жерде мафия башкарып турат. Жетекчилик алмашса деле түрктөр кайра эле алардын ишенимине кирип алышат.

–Алар жергиликтүү да, системаны жакшы билишет…

–Ооба, алар эбактан бери эле системаны үйрөнүп алышкан да. Бизде биримдик жок. Жаңы бирөө келсе деле, кандай жетекчи келбесин алардын сөзүн сүйлөп калышат. Чындыгында бригадир жасаган ишти баары эле жасай алат.

–Өлгөн кишилерди алып келип таштап кеткен учурлар болду беле?

- Жок, андай учур боло элек. Балким бирөө келип өзү көмгөндүр. Бул жерде негизинен эле киши көп болот. Жөнөкөй жарандардан тартып милицияга чейин эле ушул жерде жүрүшөт.

Мүрзө болсо кварталдарга бөлүнгөн. Цыгандар, христиандар, корейлер, еврейлер кварталдары бар.

Кореялыктар көп акча коротушат. Килтейген жерлерди сатып алышат, цыгандар болсо бастырма орнотушат. Майрамдарда, пасха болгондо алар бул жакка келишип, дасторкон жайып, майрам уюштурушат.

Балдарга арналган квартал дагы бар. Мурун аскерлер үчүн дагы квартал бар эле, азыр жок.

–Кышында жер тоңуп калганда от жагасыңарбы?

Акыркы 3 жылдан бери кыш жылуу болууда. Мурун дөңгөлөктөрдү жагып, жерди жылытчубуз. Эмне кылсаң өз ишиң, бирок көр казууң керек. Орустар 1,5 метр тереңдикте, узундугу 2 метр, туурасы 70 см болгон көр каздырышат. Кыргыздрда болсо 1,70–1,80 болуп казылат, капталынан тешиш керек кайра, айылдарда болсо такыр башкача.

- Келечекке кандай пландарың бар?

- Күн жылыса жумуш башталат, буйрутмаларды кабыл алабыз.

- Жумушумду алмаштырсам деп ойлогон жок белең?

–Эмнеге? Жумушум жакшы, баары жетиштүү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости