Өлкө аймагындагы кен ылгоо калдыктарын топтоочу жайлардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин жалгыздап чечүү кыйын экенин депутат Иса Өмүркулов фракция жыйынында билдирди.
Мамлекеттик органдар менен мекемелердин ортосунда экологияны коргоо маселеси боюнча координация жок экенин көрүнүп калды. Ар кимиси өзүнчө чаржайыт иш алпарууда. Бул багытта баардык мекемелер биргелешип иш алпарышы керек. КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат талкууланып жатканда айтты.
Өлкө аймагындагы кен иштетилген жерлердеги кен ылгоо калдыктарын топтоочу жайлардын абалы мунун айкын мисалы. Анын пикиринде, бул маселени эл аралык деӊгээлде көтөрүп, чет өлкөлүк эксперттерди тартуу зарыл.
«Кен ылгоо калдыктарын топтоочу жайлардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн миллиардаган каражат талап кылынат. Аны Кыргызстан жалгыз чече албайт, эл аралык уюмдарды тартуу керек», — деди ал.