Текстиль тармагында эмгектенген ишкер жана PLANETA MAXIMUS тигүү фабрикасынын башкы директору Өмүрбек НАЗАРОВ өзүнүн ишкерлик чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүштү.
–Баардык ишти баштоодо кыйынчылыктар коштойт. Сиз жаңыдан иш баштагада кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз эле?
–Базарда даяр товарларга сатуучу болуп иштесем, кийин Токмок, Алматы, Казакстан, Орусиянын шаарларына өзүм товар ташый баштадым. Бул дагы татаал жумуш, кардарларга жага турган товар алуу, аны өз убагында жеткирүү дегендей көп факторлор бар. Ошентип жүрүп кийимди өзүм тиктирсемби деген ой келди. Бул ойго банкрот болуп, чоң суммага күйүп калганым да түрткү болду көрүнөт.
Ошентип ишкерлик тармагына кантип аралашканымды сезбей калдым. Ишкер болуу үчүн тобокелчиликке баруудан коркпоо керек. Анткени ишкерлик тобокелчиликти талап кылат.
-Жеңил өнөр жайдагы текстиль тармагы менен канча жылдан бери алектенесиз?
Себеби бир гана тигүүчү машина менен ишти баштадык. Улам тигүү машиналарын көбөйтүп, тигилген кийимдерди “Дордойго” чыгара баштадык.
Тигүү фирмасын ачууга мага дагы бир жагынан түрткү болгону чет мамлекеттин өкүлдөрү Кыргызстанда ишкерлик менен алектенип, а биз кыргыздар жумуш издеп талаалап жүргөнүбүз өкүндүрдү. Жок дегенде Кыргызстандын 100 жаранын жумуш менен камсыз кылсам деген идея пайда болду. Ал оюмду ишке ашырып, учурда 150 адамды иш менен камсыз кылам.
Ар бир иш майдадан башталат. Мисалы, дүйнөгө белгилүү “Toyota» концерни да кичинекей тетиктерди чыгаруу менен өз ишин баштаптыр. Мына, ошондой чоң компаниялардын тарыхын окуп чыгып, “мотивация” алдым. Эң негизгиси патриоттук сезим ойгонду, ошонун баары кошулуп келип тигүүчүлүккө аралаштык.
–Ишкерлик чөйрөсүндө тобокелчиликке баруу керекпи?
- Жеңил өнөр жай менен иштөө кандай пайда алып келет жана жаңы иш баштап жаткан ишкерлерге кеңешиңиз?
- Жумасына канча көлөмдө кийим чыгарасыздар?
- Жумушчуларды ишке алуу талабыңыз кандай?
- Жумушчуларды алуудагы эң биринчи талап, алардын кулк-мүнөзүнө карайбыз. Кандай гана жумуш болбосун баардык адамды үйрөтүп алса болот. Биздин фирмада ишке алуу талабы жогору. Келген жумушчу үч ай сыноо убактысынан өтөт. Бирок ошол эле учурда айлык акысы да төлөнүп берилет. Ар бир ишкананын ички мыйзамы жана тартиби болот.
Ички мыйзамдын негизинде иш жүргүзүлөт. Жумуш берүүчү менен аткаруучу эки тарап бири-бирин тандоосу керек. Анкени аткаруучу тараптын да тандоосу болуусу зарыл. Эгерде ал адамды кыйнап, иште деп отургузуп койсоң, андан кандай эч майнап чыкпайт. Иш берүүчүлөргө да менин кеңешим, аткаруучу тараптын да оюн эске алган туура болот. Учурда жумушчулардын эмгек акысы орточо эсеп менен 8000–30000ге чейин түзөт. Мындан тышкары тигүүчүлүктү аяктаган студенттерди да жумуш менен камсыз кылабыз. Ал үчүн Бишкектеги орто билим берүү мекемелери менен келишим түзүлгөн.
–Ишкер катары Кыргызстандын экономикасына кандай салым коштум деп ойлойсуз?
- Биринчиден, мен өзүмдү мыйзамга баш ийген адаммын деп эсептейм. Анткени ар бир бийлик тарабынан келген тапшырманы өз убагында ачык- айкын аткарам. Ошондой эле 150 адамды иш менен камсыз кылуу кичине болсо да биздин кошкон салымыбыз. Бул адамдар өз өлкөсүндө эмгектенүүдө. Кыргыз элинде бекеринен айтылган эмес “өз үйүм, өлөң төшөгүм”- деп. Өз өлкөсүндө иш менен камсыз болгон жакшы. Анткени чет жактан иштеп, тиричилик көрүү кандай оор экенин өзүмдүн жон терим менен сезгенмин.
Мындан тышкары PLANETA MAXIMUS тигүү фабрикасы социалдык жардамдарды үзгүлтүксүз берип турат. Тактап айтканда, карылар жана жетим балдар үйүнө колубуздан келген жардамдарды беребиз. Канчалык болгон сайын жетим-жесирлер менен бөлүшсөң, ошончолук зоболоң бийиктейт. Муну менен катар эле маданий иш-чараларга демөөрчүлүк кылабыз. Өткөн 2016-жылдын ноябрь айында “Мээрим” программасы аркылуу президеттин демилгеси менен ачылган Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы № 71 орто билим берүү мектеп – интернатынан бир кызды багып алдык.
-Буга чейин көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келесиз. Ошондой эле “Кызга сеп” долбоорун дагы уюштуруп жатыптырсыз. Мындай иш-чараларды өткөрүүңүздүн максаты эмне?
- Ишкермин деп эле четте калуу туура эмес. Коомго жакшы таасир бере турган иштерди жасап турууну өзүмө “закон” катарында киргизип алганмын. Ал эми “Кызга сеп” долбоору уюштурганыбыздын себеби, азыркы учурда кыздар арасында “бутка турам” деген ой пайда болду. Менимче бүгүнкү күндүн талабы ошондой болуп бара жатат.
Анткени эркектердин намысы төмөндөп, жоопкерчилигибиз азыраак болуп бара жаткандай. Кыздар турмушка кеч чыгып, эне болуу бактысынан ажырап калышууда. Ал эми кыздарга барып айтсаң укпайт. Ошондуктан аталган долбоорду уюштуруп жатабыз. Долбоор аркылуу жакшы окуп, жакшы турмуш куруу дегенди жеткирүү. Эгерде Кыргызстандын келечегин көргүбүз келсе, болочок ишкерлердин энеси да мыкты болуусу керек.
Наргиза Өмүрбек кызы.