Серепчилердин баасы боюнча, паркты модернизациялоо үчүн Орусиянын өкмөтүнө 100 млрд рубль керек. Техрегламентти 2018-жылдын август айына чейин калтыруу чечими кабыл алынды.
Эски локомотивдердин иштөөсүнө тыюу салуу боюнча Бажы биримдигинин техрегламенти 2014-жылы эле ишке кириши керек болчу. Ошондо локомотив ээлери 2 жылга уруксат алышып, ал эми 2016-жылдын июнь айында дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү берилип, натыйжада 2017-жылдын август айына чейин убакыт берилген.
Кыргызстан кыймылдуу мүлктөргө техрегламент колдонбоону сунуштап жатат. Техрегламенттин киришине өтө каршы болгон бул өнөр-жай тармагы. Өнөр-жайчылар билдиргендей, 20 жана андан ашуун жылдар бою иштетилип келген локомотивдердин абалы канааттандырарлык жана модернизациялоону талап кылбайт. Модернизацияга жаңы локомотивдин баасынын 80%ына чейин жетет.
Техрегламент кире турган болсо вагондордун жетишпегенинен айлануунун жай болуп, жүк жүктөөчү жана түшүрүүчү жайларда да маселелер жаралат.
Ал эми Казакстан болсо темир жолчуларга чектөө киргизген. Ага ылайык, өлкө өз мекенине башка администрациялардын вагондорун киргизүүдөн баш тартып, муну инфраструктурасынын даяр эместиги менен түшүндүргөн.
Инновациялык вагондор 25 тоннадан ашуун жүк ташый ала тургандар аталат. Учурда тармакта 65 миң вагон 25 тонналык болсо 1-июндан тарта 27 тонналыктар ишке кирмекчи. Орусияда инновациялык вагондорду сатып алууга мамлекет каражат бөлөт.
ЕЭКте болсо тыюу салуу боюнча даттануулар болбогонун билдиришти.
Казакстан жеке паркынын профицитин шылтап өлкөгө башка вагондорду киргизүүгө тыюу салып келет. КТЖ январь айында башка өлкөлөрдүн бош вагондорунун өтүүсүнө дагы тыюу салган. Казакстандын жүк ташуучулары орусиялыктарды көп тартышууда, себеби жергиликтүү вагондор бардык жүкту ташууга жетишпейт. Бирок Казакстан вагондор паркына кетирген чыгымды жабышы керек. Балким ушундай жол менен Казакстан кытайдан мурда сатылып алынган инновациялык вагондорду ишке киргизгени жатат.
Бул жерден Казакстан гана утулат, себеби инновациялык вагондорду пайдалануу менен көмүр, кен ташуу токтотулат.