Мунун баары саякаттоо түрүнөн көз каранды: жөө жүрүш, экстремалдык-маданий-дүйнө таану, суу жээкте эс алуу ж.б. Бирок тамак-ашсыз бир дагы турист жашай албасы баарыбызга маалым эмеспи. Кеп ресторандарда, кафелерде же көчөдө сатылган тамактарда эмес. Туристтик тармактын аброю түздөн түз азык-түлүктөн башкача айтканда, туристтин тамактануу коопсуздугунан көз каранды.
Маалымат үчүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, азык-түлүк кооптуулугу – бул адамдын ден соолугуна коркунуч келтире турган физикалык, химиялык, биологиялык заттар. Коркунуч – адамдын ден-соолугуна терс таасир тийгизүү менен ооруканага жатууга мажбур кылуу, өлүм.
“Туризм тармагында иштеген мейманканалар, тур операторлор жана башка компаниялар кардарларга өзгөчө көңүл буруп, тамак-аш стандарттарын дагы эстен чыгарбоолору керек. Тамактан ууланган учурда же суу, аба кир болсо туристтер нааразы болушат дагы Кыргызстандын аброюна доо кетип, туристтик тармакта кара так болот”,-деди Кыргыз экономикалык университетинин вице-ректору Кеңешбек Алымбеков.
Пхёнчхане шаарында 2018-жылдагы Олимпиада оюнунун уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, тамак-аш жана суу менен жугуучу норовирус инфекциясы тараган. Ал гастроэнтерит вирусун чакырып, адам кусуп, ичи өтүп, дене табы көтөрүлөт. Түштүк Кореяда ооруларды алдын алуу борборунун директорунун айтымында, бул вирус менен тамак-аш блогунда иштеген кызматкерлер ооруган жана алар Олимпиаданын жаштар борборунда инфекция таратуунун булагы болуп калышкан. Олимпиаданын биринчи күнүндө эле 86 адам ооруп калган. Учурда Кореянын бийлиги карантин жарыялап, санитардык-профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө, анын ичинде кызматкерлерди текшерип, тамак-аштын, суунун курамы изилденүүдө. Олимпиадалык объекттерди кайтарган кызматкерлер алмаштырылган.
“Мындан кийин ким Түштүк Кореяга эс алууга баргысы келет?” –деп суроо салат Сания Копцева.
Иш-чара Россиянын каржылоосу менен өттү. Атайын конференция ачык сессиялар менен коштолуп, катышуучулар азык-түлүк коопсуздугу, эл аралык стандарттар, айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү сыяктуу пикирлери менен бөлүшүштү.
ISO 22000 «Тамак-аш өнүмүнүн коопсуздук менеджменти. Уюмдарга болгон талап”;
FSSC 22000 “Азык-түлүк коопсуздук сертификациялоо системасы”
BRC “Британдык ритейлдер консорциумунун азык-түлүк боюнча бирдиктүү стандарттары”;
GLOBALG.A.P. «Айыл-чарба практикасы»
“Бул стандарттарды сөзсүз аткаруу керек. Бул стандарттар ишкерге атаандаштыкка туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бирок анын өнүмүнүн сапатын жогорулатат дегендик эмес. Тамак-аш чакырган оорулар инфекциялык оорулар, уулануу, бактериялар, вирустар чакырган оорулар. Алар адамдын организмине кирдеген суу же тамак менен киришет. Ошондуктан тамак-аш өндүрүүгө түздөн-түз тиешеси бар адамдар коркунучтун негизги булагы экенин билүүсү керек. Ошондуктан айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдө эл аралык стандарттарды колдонуу зарыл”,-деди Ильдар Инелеев
Ар бир уюм төмөнкүлөрдү эске алуусу керек:
а) ISO/TS 22002. сериясындагы техникалык шарттар. “Болжолдуу шарттар программасы төмөнкүдөй”:
ISO/TS 22002–1 «Тамак-аш өндүрүшү»
ISO/TS 22002–2 «Коомдук тамактануу»
ISO/TS 22002–3 «Айыл-чарба өндүрүшү»
ISO/TS 22002–4 «Тамак-аштар үчүн таңгактарды чыгаруу»
ISO/TS 22002–5 «Ташуу жана сактоо»
ISO/TS 22002–6 «Малдарга тоют өндүрүү»
Мындай милдеттүү программаларды (PRP(s)) иштеп чыгууда ар бир уюм төмөнкүлөрдү эсе алуусу керек:
1) өндүрүш мекемелеринин курулушу жана жайгашкан жери;
2) имараттарды пландоо, өңдүрүш жана күнүмдүк имараттарды эске алуу;
3) аба, суу, энергетика жана башкалар менен камсыз кылуу;
4) зыянкечтер менен күрөшүү, таштандыларды жок кылуу жана башка кошумча кызматтар;
5) жабдууну колдонууга болуусу, аны тазалоо жолдору;
6) Сатып алынып жаткан өнүмдүн (чийки зат, кошулмалар, химиялык заттар, таңгак) коопсуздугуна болгон кепилдик;
7) материалдарды, сактоону, ташууну, кайра иштетүүнү текшерип туруу;
8) булгануунун алдын алуу;
9) санитарлык-гигиеналык иш-чараларды аткаруу;
10) кызматкерлердин тазалыгы;
11) колдонуучулар өнүм тууралуу маалыматка ээ болуулары керек;
12) башка аспекттер.
Сапат менеджменти системасы боюнча эксперт Гүлмира Исманова азык-түлүк коопсуздугу бул кардарлардын ден соолугуна зыян тийбейт деген кепилдик экенин билдирет. “Тамак-аштардын зыян алып келүүсү, же кооптуу болуусу экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизет, соода-сатык тармагына, туристтик тармакка чоң соку болот. Сапатты камсыз кылуу ыкмалары төмөнкүлөр: товардын сапатын текшерүү, сапатын башкаруу, менеджмент. Буларды аныктоо үчүн 7 негизги курал керек: текшерүү картасы, Парето диаграммасы, Исиква диаграммасы, гистограмма стратификация жана текшерүү кагазы”,-деди ал.
Караколдогу ооруларды алдын алуу борбору тамак-аш тармагында бекер кеңеш берүүгө даяр.
Каракол шаардык санитардык эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Рая Хафизова Караколдо эле 99 тамактануучу жай бар экенин билдирип, Ысык-Көл облусу боюнча, Кыргызстан боюнча канча деген суроо салды. Анын пикиринде, ар бир тамактануучу жайларда санитардык текшерүү жүргүзүү керек.