Кыргызстанда интернет колдонуучулардын жалпы көрсөткүчү 59 пайызды түзөт. Интернет колдонуучуларынын 73 пайызы шаар тургундары, айылдарда алардын саны 52 пайызды түзөт.
Ал эми Бишкек шаарында жашоочулардын 80 пайыздан ашыгы интернетти колдонушат. Өлкөнүн түштүк аймактарына караганда түндүк региондорундагы жарандар интернетти көп пайдаланышат.
Бул тууралуу “Сорос Кыргызстан” фондунун жана M-Vector компаниясынын “Кыргызстан калкынын медиа баалоосу” деген изилдөөсүндө айтылат.
Социалдык тармактарда калктын 46 пайызы отурат. Жалпысынан социалдык тармактарда бир жолку отуруунун узактыгы 2 сааттан кем эмес убакытты алат.