• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өлкөнүн Өкмөтү Бангладеш менен текстиль тармагында кызматташууга кызыктар

44

👁 593

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладеш Улуттук Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Масуд Маннан менен жолукту.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан соода-экономикалык жаатта Бангладеш менен эки тараптык кызматташууну өнүктүрөөрүн белгиледи.

«Жеңил өнөр жай биздин өлкөдө улуттук экономикадагы келечеги кенен тармактарынын бири болуп саналат. Ушуну эске алуу менен биз тигүүчү өндүрүштү өстүрүүгө жана даярдалган продукциянын жаңы өтүш рынокторун ачууга кызыктарбыз. Аны менен катар өздөрүнүн алдыңкы технологиялары жана жабдуулары бар Бангладештеги бизнесмендерди тартууга ниетибиз бар. Биз өз кезегинде инвестициялардын толук корголушун камсыз кылып, бизнести өнүктүрүү үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүгө даярбыз», – деди Аскарбек Шадиев.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштар менен алмашуу максатында, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде жеңил өнөр жай тармагында тийиштүү келишим-укуктук базаны түзүү үчүн кыргыз делегациясы Бангладешке барууга даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Элчи Масуд Маннан кыргыз тараптын демилгесин колдоп, эки өлкө ортосундагы ишкердик мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдон келишинче көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

«Кыргыз Республикасында инвестициялоо жана биргелешкен бизнести түзүү үчүн тийиштүү бүтүндөй база түзүлгөн. Биз ошондой эле бардык деңгээлде эки тараптык мамилелерди өнүктүүүгө жана бекемдөөгө кызыктарбыз», – деп ишендирди Масуд Маннан.
Маалымат иретинде: Бангладештин текстилдик өнөр жайы – чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө экинчи турат, Кытайдан кийин. 18 млрд АКШ доллардагы кездемелердин жана пахта, жүндөн жасалган кийимдердин экспорту өлкөнүн тышкы соодадан түшкөн жылдык кирешесинин 80% түзөт.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости