2017-жылдын 9–12-май күндөрү Ларнакада (Кипр) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосунда өлкөдөгү 4 шаарды: Майлуу-Суу, Өзгөн, Токтогул, Балыкчы шаарларын суу менен камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду.
Бул долбоорлорду каржылоого 21,75 млн. евро жана 6,77 млн. доллар жумшалат. Каражаттар шаарларды суу менен камсыз кылуу системасын оңдоого, суу эсептегичтерин орнотууга жана жаңылоого жумшаларын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалдык сууканалдары бухгалтердик эсептөө системасын, социалдык саясатын жана курчап турган чөйрөнү коргоону жакшыртуу боюнча ички оптимизация жүргүзүшөт. Бул долбоорлор суунун жеткиликтүү болушун камсыз кылып, муну менен катар сууну тазалоо кызматтарын жакшыртмакчы.
Экономика министри Арзыбек Кожошев билдиргендей, калкты таза суу менен камсыз кылуу өкмөттүн приоритеттүү тапшырмаларынын бири болуп саналат. Суу менен камсыз кылуу жана сууну тазалоо сектору тынымсыз иштеш үчүн республикада каражаттын тартыштыгы байкалууда.
Буга байланыштуу Европа өнүктүрүү банкынын 18 шаарда иштеп жаткан долбоору республика үчүн абдан маанилүү болуп саналат.
Ошондой эле министр Европа өнүктүрүү банкынын муниципалдык инфраструктураны модернизациялоо долбоорлору инновациялык жана электр энергиясын үнөмдөө жагынан айырмаларын белгиледи. Мындан сырткары министр А. Кожошев аталган банк инфраструктуралык долбоорлорду каржылоону, өзгөчө республиканы суу менен камсыз кылууда каржылык жактан колдоону мындан ары дагы улантарына ишенерин билдирди.
Жалпылап айтканда Кыргыз Республикасынын Европа өнүктүрүү банкын менен кызматташуусу активдешти. 2016-жылдын жыйынтыгы менен Банктын активдүү портфели 48 млн долларлык 25 долбоорду камтыган, 2015-жылы 35 млн долларлык 18 долбоорду камтычу.