Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Анда өлкөнү 2018–2040-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына Кыргызстандын узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында, эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук стратегия долбоорун Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйыны 2018-жылдын 27-мартына пландалган.