Ар бир кадам Кыргызстандын экономикасындагы жана коомундагы көйгөйлөрдү конкреттүү түрдө чечүүнү камсыз кылат.
Саясий түзүлүштүн демократиялык негиздерин сактоо жана чыңдоо, социалдык-экономикалык системаны өнүктүрүү, санариптик трансформациялоо, региондук өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери; тышкы саясатта – эгемендикти сактоо, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү, тышкы ынак достуктун мамилелерин камсыз кылуу жана региондук, глобалдык коопсуздукту бекемдөө маселелери зор мааниге ээ.
“Жаңы доорго – кырк кадам” Өкмөттүн программасы этап-этабы менен ишке ашырылат. 2017-жылдан тартып элди түйшөлткөн биринчи кезектеги маселелер чечилет:
-
- жумушсуздукту кыскартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү;
- экономикалык бакубаттуулукту жана бизнестин кыйла өз алдынчалыгын камсыз кылуу;
- жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы кандай гана болбосун түздөн-түз байланышты максималдуу түрдө жоюу.
- заманбап жана жеткиликтүү инфраструктураны, анын ичинде транспорттук, социалдык, ирригациялык жана санариптик инфраструктураны куруу;
- региондорду өнүктүрүү жана жер-жерлерде социалдык-экономикалык маселелерди чечүү;
- шаарларда жана калктуу конуштарда коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу;
- коррупцияны жоюу жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү;
- социалдык коргоону жана татыктуу жашоону камсыз кылуу.
Программада өнүктүрүүнүн комплексин түзүү каралган. Ошол эле учурда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы менен үч негизги жол аркылуу ишке ашат: “Таза Коом” санариптик трансформациялоонун программасы, “Таза суу” – таза суу берүү, “ирригацияны өнүктүрүү” – жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берүү.
Бүгүнкү күндө бардык эл аралык сурамжылоолор көрсөткөндөй, элдин мамлекеттик институттарга болгон ишеничи өзгөрдү. 2013-жылы жарандык согуштун чыгуусу (39%), туруксуздук (32%), демонстрациялар, көңтөрүштөр же революциялар (25%), ошондой эле өлкөнүн келечеги үчүн коркунуч (23%) өзгөчө кооптонууну жараткан.
2017-жылга алынган маалыматтарда алгачкы позицияларды экономикалык көрсөткүчтөр ээледи: жумушсуздук (52%), коррупция (40%), өлкөнү экономикалык өнүктүрүү (13%).
Мындан тышкары, жарандардын жашаган жеринде ыңгайлуулукту жана жашоонун сапатын жакшыртуу боюнча талаптары күчөй баштады. Бүгүнкү күндө элди түйшөлткөн негизги маселелер болуп жолдордун начардыгы, таза суунун жетишсиздиги, жумуш орундарынын жоктугу, бала бакчалардын жетишсиздиги, таштандыларды ташуу жана жарыктандыруу көйгөйлөр эсептелет.
Ушуга байланыштуу Өкмөттүн Программасы жакынкы беш жылдыкта элдин бакубаттуулугун көтөрүү боюнча негизги маселелерди чечүүгө толугу менен арналат.