Энергетиканы үнөмдөө тармагында кичи масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу энергетиканы үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт.
Бул…азык-түлүк коопсуздугу
Күнөсканалар Индияда, Кытайда, Непалда, Афганистанда текшерүүдөн өтүп, ийгилик жараткан. Алардын алгачкылары түздүктөрдө курулуп келсе, учурда күн күнөсканалары бийик тоолуу аймактарда курула баштаган.
Курулуш жерин тандоодогу маанилүү критерийлер төмөнкүлөр: күнөскананын ээси курулуш иштерине салым кошуусу керек, өз айылын өнүктүрүүгө көмөктөшүүсү зарыл, келген конокторду жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кабыл алууга даяр болуу. Бул башка жашоочуларга күн күнөсканаларын көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Ново-Покровканын тургуну Садыр Бабиршаев энергоэффективдүү күнөсканаларды куруу технологиялары боюнча курс окуган жана коңшулардан буйрутма кабыл алып келет.
… билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
Тоолуу райондордогу көпчүлүк айылдар электр энергиясына жетпей келишет, бул көйгөй кышында көп сезилет.
Бул маселени чечүү алыскы тоолуу аймактардын мектептеринин чатырына күн фотопанелдерин орнотуу аркылуу чечилип келет. Ал болсо таза электр энергиясын иштеп чыгат. Алар коопсуз жана автономдуу энергиянын булактары.
…саламаттыкты сактоо жана ветеринария системасын жакшыртуу
Эми фото электр станциялар (күн батареясы) жана микроГЭС медиктерге электр энергиясынын булагы болуп саналат. Себеби айылдарда көпчүлүк учурларда электр энергиясы өчүрүлүп турат. Республика боюнча 15 пилоттук ФАПтар 1,5–3 кВт кубаттуулуктагы фотоэлектр станциялары менен камсыз болгон. Чүй облусунун Кошун жана Алчалуу айылдарындагы 2 медпункт энергетиканы үнөмдөөчү жаңы технологияларды колдонуу менен курулган.
…энергетикалык коопсуздук маселесин чечүү
Кыргызстан суу ресурстарына бай болгону менен электр энергиясынын жетишсиздигине тушугуп келет.
Айылдардын электр үнөмдөөчү линиялардан алыс жайгашуусун, аймактарда электр энергиясын уурдоону эске алуу менен күн коллекторлорун жана суу жылыткычтарды колдонуу өлкөдөгү абалды жакшыртат.
Ысык суу менен камсыз кылуу боюнча альтернатива түзүү
Бул үчүн күн челектери жардамга келет, тактап айтканда, күндүн нурунан улам суу жылуучу жабдууну өз колу менен жасоо.
Күн челегин өз алдынча жасоо оңой эле. Материалдардын баасына жараша күн челектеринин баасы 4–5 миңге жакын болуп калат. Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында өз алдынча 10 күн челектери жасашкан.
…салттуу жылытуучу системага альтернатива
Энергияны үнөмдөөчүлөрдүн катарына меш дагы кирет. Чүй облусунун Ново-Покровка айылынын тургуну Эрнест Базарбаев алгач өз үйүндө жылытуучу меш орноткон, анын жанына тамак даярдоо үчүн меш орноткон. Ошондуктан жылуулук дароо эки жерден келип, көмүр үнөмдөлүп калууда.
…экологияны жакшыртуу жана СО2 бөлүнүп чыгуусун азайтуу
Күн мештерине тамак жасоого дагы мүмкүн. Алар калк арасында популярдуу боло баштады. Мештерди тамак жасоодо, сүт бышырууда, суу жылытууда, вино жасоо үчүн жана башка көптөгөн кулинардык иштерде колдонсо болот.
Отун, газ, энергетика колдонбой жылуу суулуу болуу бул фантастика эмес, реалдуулук! Ошондой эле кайра калыбына келбей турган отун дагы үнөмдөлөт, жашыл бак-дарактар сакталат. Абаны булгаган тезектер жагылбайт.
Экотуризмге багытталган туркомпаниялар Ø 1,8 м параболдук күн мештерин тамак жасоо үчүн колдонушууда.
…мекемелердин энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу
Мекемелерди жылытуу отунду колдонууну азайтат. Сөздөн ишке өткөндөр аз эмес.
Кыргызстанга энергиянын кайра калыбына келүүчү булактары эмне берет?
“Күн энергиясы 8–9 ай бою 90% жылуу суу, 50% жылуулук менен камсыз кылып салттуу отундарды үнөмдөйт”,-дейт эксперт Михаил Яковлев.
“Шамал энергиясы электр энергиясын колдонуучулардын 5 –7% суроо талабын камсыздайт жана айыл-чарба жерлерин кошумча сугаруу менен камсыз кылат”,-дейт энергетик Марат Юнусов.
“Биомасса айыл тургундарын газ менен камсыз кылат жана ошол эле учурда 1 млн 300 миң тонна жерди семиртип, түшүмдүүлүк 15–20 % жогорулайт”,-дейт биогаз жабдууларын орнотуу боюнча адис Алексей Веденев.
Биздин тажрыйбаны үйрөнүшүүдө
Ишкер Досмаил уулу Шарипбек Тоолуу-Алтайдан келген. Ал күн фотомодулунун жардамы менен үйдү жылытуу технологиясын үйрөнүп жатат.
Акыркы сөз бизде!
Ал эми Васильевка айылынын тургуну энергиянын кайра калыбына келүү булактары тууралуу берилген суроого: “Бизди тажаттыңар. Ар түрдүү идеялар менен башыбызды чакпагыла!”-деген жооп уктук.
Эксперттердин пикиринде, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн энергиянын кайра калыбына келүү булактарын колдонууну мамлекет колго алышы керек. Аны менен катар эле энергиянын кайра калыбына келүү булактарын колдонгондорго жеңилдик берип, адистерди даярдоо жагын дагы ойлонуусу зарыл. Ал үчүн тиешелүү мыйзамдар керек.
Ирина Байрамукова