Катчы Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары жана аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди. Ал Коопсуздук кеңешинин чечими 45 иш-чараны камтыганын жана алар учурда ишке ашырыла баштаганын белгиледи.
Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын декларацияларын текшерүү механизмин караган Кыргыз Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыкты. Өкмөт Аппаратында турган токтом долбоору жакын арада кабыл алынат деп күтүлүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Мамлекет башчысынын дарегине түшүп жаткан билдирүүлөр жана арыздарга өзгөчө көңүл буруп, аларга өз учурунда жооп кылуу тапшырмасын берди.
Дамир Сагынбаев бардык мамлекеттик органдарда, анын ичинде Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарында системалуу коррупцияны жоюу боюнча пландар кабыл алынып, ишке ашырыла баштагандыгын маалымдады.