Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду же кардарлардын 15 пайызы камсыз болгон. «Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынмакчы», — деди ал.
Депутаттардын пикиринде, буга чейин сатылып алынган электр эсептегичтер ар түрдүү, баасы дагы ар кандай, сапаты начар болгондуктан, башаламандык өкүм сүрүп келген. Ошондуктан, аларды бирдей стандартка өткөрүү зарыл. Ал өлкө аймагы индукциялык электр эсептегичтери качан толук жабдылып бүтөрүнө кызыкты.
Баяндамачы өткөн жылы Улуттук энергохолдинг «акылдуу» эсептегичтердин бирдей стандартын бекиткенин, азыр ошол талап сакталып жатканын билдирди. «Азырынча каражат тартыш болгондуктан, адегенде эски, тезникалык жоготуулар жогору болгон жерлерде алмаштырылып жатканын, бара-бара башка кардарлар да жабдыла баштай турганын айтты.
Өткөн жыйында энергетиктер бир катар суроолорго так жооп бере албаганын эске салган тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов Нарын облусунун алыскы аймактарында электр энергиясынын жоготуусу 20 пайызга чейин жеткенин белгилеп, тышкы карыздан кантип кутулуша турганын сурады.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин өкүлү электр энергиясынын техникалык жоготуусу жаӊы кабалдерди тартуу аркылуу азайтыла турганын билдирди.
Ал эми Каржы министри Адылбек Касымалиев буга чейин баардын компаниялар өз карыздарынан убагында кутулуп келгенин белгилеп, эгерде «Чыгыш электр» ишканасы карызынан кутула албаса, анда бюджеттен каражат караларын айтты.
Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Чыгыш электр» ишканасына 15 жылдык мөөнөт менен 4 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 млн евро өлчөмүндө грант бөлүүдө. Насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү – 3 жыл.