Бул иштин арты менен акча таап гана тим болбостон экологияны сактап калууга да чоң салым кошсо болот.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын жашоочусунан үлгү алсак болчудай. Ал айыл калкын жумуш менен камсыз кылууга багытталган ЕБнын программасын ишке ашырып келет. Жарым жылдан бери тамчылатып сугаруу үчүн желим түтүктөрдү колдонуудан чыккан желимдерден жасап келет.
Жаман адат
Айрымдар таштанды менен кошо желимдерди дагы өрттөп жиберишет, бул туура эмес, себеби абага зыяндуу заттар түтүн менен кошо чыгат дагы, дем алуу системасына зыян келтирүүчү диоксиндер бөлүнүп баштайт. Диоксиндер оңою менен ээрибейт жана адамдын организминде топтоло берип, натыйжада рак ооруларын чакырат. Андан сырткары абаны, сууну, тамакты дагы уулайт. Бул болсо өлкөнүн бюджетине зыян келтирет.
Балким желимдерди бир жерге топтоо керек? Бирок анда шамал болору менен жер жайнаган баштык, бөтөлкө болуп калат.
Өлкөнүн экологдору айлана-чөйрөнүн таза болуусу жакшы жашоого өбөлгө экенин унутпоо керектигин айтып келишет. Бул экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөөрү бышык.
Анда эмне желимди жерге көмүп салуу керекпи? Бирок окумуштуулардын маалыматына ылайык, курамына жараша бул таштандылар 100–400 жылда араң чирийт экен!
Жакшы жана пайдалуу
Желимди чогултуп, аны кайра иштетүүчү жайларга өткөрүү – пайдалуу идея. Бирок буга эл көнүшү керек.
Зыяндуулуктан пайдага
Чогултулган желимди эмне кылуу керек? Ала-Букалыктар кооператив ачышып, чакан бизнес башташкан. Жергиликтүү бийлик берген МТСтин каралбай калган имаратында тамчылатып сугаруу үчүн түтүктөр чыгарылууда. Анын бир метринин баасы 6–7 сомду түзөт.
Рахат Колесникова көп убакыттан бери жумуш таба албай жүрүп, учурда иш менен камсыз болгонуна кубанып турган чагы.
Эрназар Осмонов болсо колледжде 5 миң сом алып кароолчу болуп иштечү, эми ал 8 миң айлык алуу менен катар эле жаңы кесиптин ээси болуп калган. Ал түтүктөрдү чыгаруу ишине жооп берет.
Заводдо 7 киши иштейт жана сезон учурунда гана жумуш болот. Бирок кооперативдегилер өндүрүштү күчтөндүрүүнү пландап жатышат.
Таштандыдан башка эч нерсенин кереги жок!
Кооперативдеги адистер кайра иштетүүчү заводго таштанды желимдер гана керек экенин белгилеп келишет. Донорлор түтүк чыгаруучу цехке желим таштандыларды майдалоочу жабдууларды, 20 мм, 25 мм, 32 мм, 40 мм жана 50 мм болгон түтүктөрдү чыгаруучу жабдууларды сатып беришкен.
Ошондой эле ал 100 метр түтүк чыгаруу үчүн 15–40 кг желим керек экени белгилүү болду.
“Баары түтүктөрдүн диамтеринен көз каранды. Түтүктөрдү чыгаруудагы өнөр-жай кубаттуулугу 70 пм/саат. Эгерде бир нөөмөттө иштесек айына 9240 мп чыгарса болот. Ал эми эки нөөмөт менен иштетсе өндүрүш кубаттуулугу бир топ жогорулайт. Бул демек, желим түтүктөр менен Ала-Бука районун гана эмес, коңшу Аксы, Чаткал райондорун дагы камсыз кылса болот дегендик”,-дейт цехте иштеген Салкат Калымбаев
Келечекке багыт
EcoHimal адистери жана Европа биримдигинин өкүлдөрү алар колдогон долбоорлор дайыма эле кымбат эмес экенин белгилешти. Донорлор үчүн долбоорду баштаган айыл тургундары кийин пайда көрүүсү маанилүү.
Аргументтерди алыстан издеп кереги жок. Аймакта тамчылатып сугарууга керек болгон түтүктөр суроо-талапка ээ, себеби суу тартыш. Ала-Бука районун гана ала турган болсок жылына 54 000 метр түтүккө муктаж. Ошондой эле түтүктөргө болгон суроо-талап кошуна аймактарда дагы жогорулоодо. Бишкектеги баага салыштырмалуу анын наркы 40%га арзан. Аны менен катар эле түтүктөрдүн арзан болуусу тамчылатып сугарууну дагы жайылтат.
Цехти туруктуу иштетүү үчүн кооперативдин мүчөлөрү бизнес-план жазышууда.
Желимдин экинчи жашоосу – кыргызстандыктардын жаркын келечеги!
Ирина Байрамукова