• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Лейлектеги сел: Турак-жайын камсыздандырган жарандарга компенсация төлөнөт

img_3074

👁 700

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 23-майда, Баткен облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунун Исфана шаарындагы селдин кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, жаратылыш кырсыктарынын натыйжасында турак үйлөр, социалдык объектилер жана чарбалык имараттар жабыркаган.

Вице-премьер-министр Чымган жана Бешбала айылдарындагы селдин кесепетинен жабыркаган турак үйлөр жана социалдык объектилерди көрүп чыгып, ошондой эле суу каптаган көпүрө жана дамбалардын абалы менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, Лейлек районунда бир нече жолку сел жүрүүнүн натыйжасында 31 турак үй жана 34 чарбалык объектке зыян келтирилген.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үйлөрү камсыздандырылган жабырлануучуларга белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөнүп берилерин белгиледи.

«Өз үйлөрүн камсыздандырбаган жабырлануучуларга жардам көрсөтүү маселеси өз алдынча каралат. Муну менен бирге буга чейин кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тартып, өз үйлөрүндө жашоону улантуу менен өздөрүнүн жана туугандарынын өмүрүнө коркунуч алып келген жашоочулардын жоопкерчилиги каралмакчы», – деди ал.
Вице-премьер-министр көпүрө менен дамбаларды калыбына келтирүү маселеси өкмөттүн деңгээлинде караларын кошумчалады.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости