• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Легпромго адистер жетишпей жатат.

diskoteka

👁 1,356

Жакында эле Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы баштапкы жана орто билим берүү агенттигинде өткөн жеңил өнөр-жайынын тармактык жыйынында Кыргызстандын кесиптик лицейлеринде дуалдык системанын перспективалары жана тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги талкууланды.

Дуалдык система билим берүү формасы адистерди даярдоодо жумуш берүүчүлөрдүн катышкандыгы менен айырмаланып турат. Студенттер кесиптик лицейлерде теоретикалык билимдерди алышып, аларды тажрыйбалуу инструкторлордун жана технологдордун башкаруусу алдында өндүрүштө бекемдешет. Таланттуу студенттер билим берүү процессинде эмгеги үчүн акы алышат.

Жеңил өнөр-жай үчүн адистерди даярдоодо дуалдык системаны киргизүү – учурдун талабы экенин Легпромдун төрагасы Фархад Төлөгөнов билдирди.

Тармактын көйгөйлөрүнүн бири кесипкөй адистердин жетишсиздиги.

Ошондой эле тигүүчүлүк тармагында адистердин ички миграциясы дагы байкалууда, бул болсо тармактын жалпы абалына терс таасирин тийгизип келет. Өнүккөн өлкөлөрдө окутуунун мындай системасы жумушсуздуктун азайуусуна алып келген. Кыргызстанда бул эксперименталдык программа жумуш берүүчүнүн жана окуу жайлардын карым-катнашынын бекемделишине түрткү бермек.

Кесиптик лицейлерде сурамжылоо жүргүзүлгөн, анын натыйжасында билим берүү формасы студенттер жана жумуш берүүчүлөр үчүн өтө ыңгайлуу экени белгиленген. Окугандар билим алуу учурунда ишканаларга бат көнүп кетип жатышканын жана коммуникативдик, кесиптик билимдерди бекемдөөгө шарт түзүлөрүн белгилешкен.

Долбоорду ишке ашыруу алкагында Бишкектеги № 17 жана № 18-кесиптик лицейлерде “Тигүүчү” адистиги боюнча окутуу жүргүзүлүүдө. Адистерди даярдоодо «Olga classic style» тигүүчү ишканасы көмөкчү болууда. Ишкананын жетекчиси Ольга Рыбалкина өндүрүшчүлөр жумушчу күчкө дайыма муктаж экенин билдирген.

“Адистер эң маанилүү маселе, ал бизге толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Билим берүүнүн дуалдык системасынын алкагында биз студенттерди даярдап жатабыз, анткени бул жумуш берүүчүлөргө, башкача айтканда бизге абдан керек. Көйгөй студенттердин окугусу келбегендигинен улам келип чыгат.

Көпчүлүгүн ата-энеси окууга жөнөткөн, анткени тигүүчүлүк кесип үчүн жакшы акча төлөнөт. Бирок бизге чындыгында эле кесипти өздөштүрүп кетүүнү каалагандар жана өндүрүштө ишти жөндөп кете алгандар керек. Ошондуктан 20 адамдын ичинен бизде 2–3 студент калат, алар бир нерсени бат өздөштүрүп, бир нече күндөн кийин эле жасаган иштери үчүн акча ала башташат. Эксперименталдык дуалдык программанын натыйжасында бизде учурда 6 адам иштеп жатат”,-деди О.Рыбалкина.

Баштапкы жана орто билим берүү агенттигинин башкы адиси Азамат Иманкулов билдиргендей, агенттиктин планында дуалдык система боюнча пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып, аны жайылтуу жана экономиканын башка тармактарында колдонуу.

Учурда агенттик Азия өнүктүрүү банкынын “Кесиптик билим берүү жана илимди өнүктүрүү” экинчи долбоорунун алкагында окуп иштеп жаткандарга, жумуш берүүчүлөргө жана окуу мекемелерине байланыштуу жаңы нормативдик документтер иштелип чыгууда.

Алардын арасында: баштапкы билим берүүдө дуалдык билим берүү системасын киргизүү жобосу, билим берүү мекемесинин жана жумуш берүүчүнүн ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүү, ишкана менен окугандар арасында практика өтүү боюнча окуу келишими, ошондой эле ишканада жол көрсөтүү инструкциясы бар.

Мурун СССРдин убагында кесиптик билим алып жаткандар үчүн жана окуучуларга комбинаттар ачык болуп, бүтүрүүчүлөр андан ары эмне менен алек болгусу келгенин билишчү. Учурда билим берүү системасында дуалдык системанын киргизилиши бүтүрүүчүлөрдүн өндүрүш процессине көнүүсү боюнча маселени чечиши мүмкүн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости