Кыргызстанда алгачкы жолу экспортко багыттаган ишканаларга субсидия берилет. Учурда Экономика министрлиги “Экспортко багытталган ишканаларды каржылоо” мыйзам долбоорун иштеп чыгууда.
Кыргызстанда жеңил өнөр-жайы өнөр-жайдын негизги тармактарынын бири болуп саналат. 2016-жылы Кыргызстандан 95,5 млн. долларга тигүүчүлүк өнүмдөрү экспорттолгон, бул экспорттун жалпы көлөмүнүн 7 %ын түзөт. Негизинен товарлар Орусияга жана Казакстанга экспорттолот. Кыргызстанда тигүүчүлүк тармак бренд болуп саналат жана сапаты күн сайын жогорулап жатат.
Ошондой эле тараптар тармак мындан ары дагы өнүгүүсү үчүн өлкө ичинде ишкерлер мыйзам алкагында иштеши үчүн шарт түзүп берүү зарыл.