• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Kyrseff жашыл экономиканы жайылтууга көмөк көрсөтөт

kyrseff-3

👁 2,650

Кыргызстанда жеке турак жайды заманбап технологиялар менен жылуулоо, күн, шамалдын энергиясын пайдалануу, айыл чарба тармагында тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, күнөскана куруу, жаңы айыл чарба техникаларын, шаймандарын алуу сыяктуу ар бир ишкер же фермер кыялданган заманбап технологиялар акыркы жылдары турмушка аша баштады.

Деген менен бардык учурда жогоруда аталган жумуштарды ишке ашыруу үчүн көпчүлүк эле каржылык колдоого муктаж.

Кыргызстандагы туруктуу энергия каржылоо программасы (Kyrseff) 2013-жылдан бери өлкөдө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жана Европа биримдиги менен бирдикте ири долбоорду ишке ашырып келүүдө. Долбоордун алкагында Кыргызстандагы энергияны үнөмдүү пайдалануу, экологияга зыяндуу заттардын азыраак бөлүнүшүн камсыздоо, тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу, күнөскана куруу сыяктуу долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтөт.

Kyrseff тарабынан “Жашыл технологиялар жана ресурстардын натыйжалуулугу айыл чарбасындагы ийгиликтүү бизнес үчүн” деп аталган семинар уюштурулуп, ага айыл чарба тармагында иш алып барган өлкөнүн бардык аймактарынан келген агро-ишкерлер катышты.

Кыргызстандагы туруктуу энергия каржылоо программасынын улуттук менеджери Нурзат Абдырасулованын айтымында Кыргызстандын шартында энергиянын натыйжалуулугун, суунун сарамжалдуулугун жогорулатуу, ошондой эле кызыкдар тараптар менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу үчүн ишкерлер, фермерлер, адистер, банк өкүлдөрү бир аянтчага чогулду.

“Кандай эле маселе болбосун бизнес баштоодо, же болбосо үйдү жылуулоодо да каржы маселесине барып такалат. Программа негизинен каржы маселесин чечүүгө багытталган. Насыя жергиликтүү банктар аркылуу берилип, ага Европа биримдиги тарабынан грант компоненти каралган. Грант 10 пайыздан 35 пайызга чейин субсидия катары насыя алган адамдарга жардам катары берилет”,-деди Абдырасулова.

Демек, насыя алган киши аны канчалык максаттуу пайдаланганын тастыктаса, кайра эле банк тарабынан ишкер короткон каражаттын көлөмүнө жараша 10 пайындан 30 пайызга чейин кайтарымсыз акча берилет.

Ал кошумчалагандай, программанын эң негизги максаты – энергиянын, табигый ресурстардын экологияга алып келе турган зыянын азайтып, максаттуу пайдаланууну көздөйт.

“Программа Кыргызстанда өзүн жакшы көрсөткөндүгү үчүн 2016-жылы дагы узартылып, кошумча 35 млн. АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция кошулду. Адегенде 20 млн. доллар өлчөмүндө каражат берилген болчу. Бүгүнкү күндө айыл чарбасына көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Айыл чарбасы биздин өлкөнүн негизги тармагы болгондуктан фермерлерге айыл чарба техникаларын, шаймандарын жаңыртуу, тамчылатып сугаруу, жаңы күнөсканаларды куруу, күндүн, шамалдын энергиясын пайдалануу, айтор өнүкккөн жаңы технологиялардын баарын Кыргызстанга жайылтууну көздөп жатабыз. Бул технологиялардын баары өзүн актап жатат. Эскиче эле иштей бербей, жаңы технологияларды пайдалансак, биринчиден, атаандаштыкка туруштук бере алабыз, экинчиден, фермерлердин жаңы жолго түшүүсүнө көмөктөшөбүз”,-деп кошумчалады ал.

Кемин районунун акими Жыргалбек Дүйшөбаев өзү жетектеген райондо жакшы демилгелер көтөрүлүп ишке ашып жатканын белгилеп, агро ишкерлердин башын кошкон бул иш-чара элибизди эмгекчилдикке тарбиялайт деп ишендирди.

Район жетекчисинин пикиринде Кемин району суунун башы болгонуна карабай, сууга муктаж.

“Сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатып жаткан тамчылатып сугаруу системасын кеңири жайылтуу керектигин мезгил тастыктоодо. Кайсы бир акылман айткандай балык эле тутуп бере бербестен, кайырмак салганды да үйрөтүшүбүз керек. Ошондо эмгекчил муун өсүп жетилет”,-деди.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда 4 миңден ашуун гектар жер аянты тамчылатып сугаруу системасына кошулган.

Иш-чарага келген агро ишкерлердин негизги көңүлүн тамчылатып сугаруу, күнөскана куруу, жамгыр суусун топтоо, саркынды сууларды кайра иштетүү долбоорлору кызыктырды.

Семинардын практикалык бөлүгү Кемин районунда 25 гектар жерге алма көчөтүн тиккен багбан Өмүрбек Абдрахмановдун алма багында уланып, иш-чаранын атышуучулары жергиликтүү жана чет элдик адистерден тамчылатып сугаруунун ыкмаларын кантип оздөштүрүү керек экендигине күбө болушту.

Маалымат иретинде айта турган болсок, Kyrseff тарабынан 2013-жылдан бери 32 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган. Эгерде долбоорлордун саны менен айтсак, 1500гө жакын долбоор ишке ашырылды. Анын ичинен 100дөн ашууну ишкерлерге берилсе, калганы жеке турак- жайларга берилген.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости