• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кызылчачыларга – уюлдук тиркеме

yv-696x533

👁 3,417

IT-технологиялар биздин жашообузга кирип келди. Аграрлар дагы четте калган жок. Кант кызылчасын өндүрүүчүлөр тарабынан «Кант-кызылча» деп аталган уюлдук тиркеме иштелип чыкты.

Ал айыл-чарба тармагындагы айылдык коомчулукка кызылча тармагы боюнча жардам сунуштайт.

Учурда Кыргызстанда кант кызылчасын өстүргөн дыйкандардын саны күн санап өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаеванын айтымында, Талас облусунун 4 району кант кызылчасын өстүрө башташкан. Мурда дыйкандар 5 миң гектар жерге кант кызылчасын сээп келишсе, 2016-жылы 11 миңге жеткен. Бул Бишкектин аймагынан бир аз азыраак.

2017-жылы Чүйдө кант кызылчасын отургузуу 3 миң гектардан 16 миң гектарга көбөйгөн, ал эми дыйкандардын саны 2 миңден 8 миңге. Ошондой эле шекер чыгаруу көбөйгөн, демек кант кызылчасына болгон суроо талап жогору.

Мындан тышкары, акыркы жылдары кант кызылчасынын жаңы сорттору себиле баштады, ал түшүмдүн жогору болуусуна шарт түзүүдө. 2015-жылы бир гектар жерден 360 центнер түшүм алышса, 2016-жылы 670 центнерге жеткен.

“2012-жылга салыштырмалуу 5 жыл мурда орточо түшүмдүүлүк гектарынан 20 тоннаны түзгөн, учурда гектарынан 50 тонна. Дыйкандар өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында өстүрүүдө, кайра иштетүүчү заводдорду ачууну өкмөт дагы колдоду. Темир жол аркылуу ташуулар арзандады. Ошондой эле КРда «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» кант заводдору ишке кирген»”,-деди Айыл-чарба министринин орун басары Ж. Телемалиев.

GIZ эл аралык кызматташтыгынын өкүлү Сайкал Есеналиеванын айтымында, Кыргызстанда дыйкандардын банкирлер менен кызматташуу программасын ишке ашырууга KfW немис банкы ишке ашырган.

TES-Центр деп аталган кеңеш берүүчү уюм дагы кол куушуруп отурган жок, алар кант кызылчасы өстүрүлгөн талааларга барып, дыйкандарга кеңеш берип келишет.

Учурда өндүрүш технологиялары тез өнүгүүдө жана кызылчачылар ЕАЭБ рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алгыдай болушу керек. Демек кызылча өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын билүүлөрү зарыл. Тилекке каршы, Интернеттен аграрга тиешелүү маалымат алуу кыйын, айрым айылдарда интернет тартпаса кээ бир маалыматтык сайттарда маалыматтар жаңылана элек. Бир жол бар – атайын программаны колдонуу.

Бул жерден ишти Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенттери колго алышкан. Учурда бул тиркеме агротехниканын инновациялык ыкмалары тууралуу, кант кызылчасын коргоо, жер семирткичтер, жабдуулар тууралуу маалыматка толгон. Ошондой эле «Кант Кызылча» 1 гектар жерден канча түшүм алса болорун, канча үрөн керектигин, канча жер семирткич, дары зарыл экенин эсептеп берет.

Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенти Санира Маджикова уюлдук тиркеменин артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Ал дароо эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, каржылык кызматтар, дыйкандар тарабынан жактырылган. Окуу жайдын студенттери каалоочулардын баарына программаны кантип колдонуу керектигин түшүндүрүп беришти.

Тиркемеде Орусиядагы, Өзбекстандагы, Тажикстандагы рынокто кант кызылчанын баасы кандай болуп жатканы тууралуу дагы маалымат болот.

Учурда кант кызылчасы тууралуу Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин адистери маркетинг өткөрүп турушат. Эң чоң көйгөй дыйкандардын жеринин аздыгы. Кант кызылчасын өстүргөндөрдүн 93%ы 2–3 гектардан эле жерге ээ. Алар жылына 300 тонна түшүм жыйнашат. Дыйкандардын баарында эле жерге болгон документ жок жана алар салыктардан коркуп дагы жер үлүштөрүн көп кылбай келишет.

Айыл-чарба министрлиги Кыргызстанда республикалык айыл-чарба маалыматтык системасы киргизилип жатканын билдиришти. Бирдиктүү компьютердик системага агрардык өнүгүүнүн 40 башкармалыгы тең киргизилет. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымат бар.

Эми агрардык башкармалыктардын баары министрликке Интернет аркылуу отчет жөнөтүп турушат. Ал жактан алынган маалымат анализден өтүп, бириктирилет.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости