Анын катышуучулары – Сары-Булак, Ат-Башы, Сосновка, Сары-оо, Красновосточный, Полтавка айыл өкмөттөрүнө келген 50гө жакын кызылчачы дыйкандар болушту. Ошондой эле айыл-чарба техникаларын өндүрүүчүлөр, аграрлар, эксперттер, банк өкүлдөрү, микрокредиттик, кредиттик уюмдардын жана ММКлардын өкүлдөрү катышышты.
Дыйкандардын айтымында, быйылкы жыл жеңил болгон жок: кант кызылчасын өстүргөндөр сугат маселесине туш болушту. Дал ошондуктан дыйкандардын баары ирригация маселеси тууралуу кеп кылып жатышты. Анан албетте Кыргыз ССРи СССРдин маалында шекерди экспорттоо боюнча Украинадан кийин экинчи орунда турганы эске келди.
1926-жылы КССР Орто Азиядагы кызылча себүү боюнча кадимки база болчу. 1927-жылы аны себүү аянты 170 гектарды түзүп, түшүмдүүлүгү 200 ц/га болгон.
Ошол маалда кыргыз жеринде сезон учурунда миллион тонна кант кызылчасы кайра иштетилген! Бул КРда кант кызылчасын өстүрүүгө климаттык шарттар өтө ыңгайлуу дегенди билдирет. Кант кызылчасы себилген бир гектар аянттын түшүмү 50 тонна болсо, андан 7,5 тонна шекер, мал үчүн тоют, ачыткы, спирт алса болот.
Талаанын ээси Абдыкадыр Жапаровдун айтымында, көптөгөн факторлор кант кызылчасынан түшүмдүүлүгүнө таасир берет: жер семирткичтерди берүү, талааны отоо чөп басып кетүү. Ошондуктан өтө көп эмгек кылуу керек.
“Балким убакыттын өтүшү менен талаалар оңолсо механикалык гана иштер калат. Суу дагы бизде маселе жаратып келет!”-деди ал.
Шекер биринчи кезекте колдонулган азыктардын катарына кирет эмеспи. Ошондуктан кант кызылчасынын түшүмүнүн көп болуусу үчүн жаңы технологияларды өздөштүрүп, аны сугаруу жолдорун үйрөнүү зарыл.
Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө “Чүй облусунда кант кызылчасын өндүрүүнү жогорулатуу” GIZ долбоорунун алкагында презентация болуп, ирригациялык системаны эффективдүү өзгөртүү боюнча презентация болду. TES-борбордун өкүлдөрү кант кызылчасын заманбап түрдө сугаруу боюнча жана кант кызылчасын өстүрүү тууралуу чогулгандарга маалымат беришти.
Учурда кант өнөр-жайында «Кайыңды-Кант» кант заводу иштеп келет. Былтыр кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 5,5 млн доллар насыясын жактырган. Экинчи насыянын суммасы 10 млн долларды түзүп, ал Шопоков шаарындагы «Кошой» кант заводун ишке ашырууга багытталмакчы болгон. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу жетекчиси Эркин Асрандиев бул эки кант заводдорун каржылоо кант кызылчасын иштетүүгө багытталып, 100 миңге жакын жумушчу орун түзүлмөк. Буга кант кызылчасын өстүрүү, аны кайра иштетүү, ташуу жумуштарын аткаргандар кирет. КРнын өкмөтү «Кошой» заводу ишке киргенден кийин биздин өлкөдөн чыккан шекер экспорттолот деп үмүт артып келет.
“Түшүм өзүнөн өзү эле келип калбайт. Эгерде иш жакшы болсо гектардан 90–100 тонна кант кызылчасын алса болот. Кудайга жана жаратылышка эле ишенип отура берүү болбойт. Каражат салып, эмгектенүү керек ”,-деди айыл-чарба илимдеринин кандидаты, кант кызылчасынын селекциясы жана үрөнчүлүк боюнча 30 жылдык тажрыйбасы бар Миргасым Аллахверханов. Ал кант кызылчасынын «Рабия». жаңы сортун чыгарган.
Эксперттер кант кызылчасына төмөнкүдөй чыгым кетерин эсептеп чыгышкан:
–16–17%-бул жер семирткичтерге кеткен чыгым: аммофос, селитра жана калий жер семирткичтери. Бүгүнку күнү көпчүлүк дыйкандар буларды колдонушпайт, себеби көп жылдардан бери алар өлкөгө алынып келинбей калган. Бирок калий – кант кызылчасынан мол түшүм алуу үчүн негизги элемент экенин алар унутпашы керек.
–күйүүчү майга кеткен чыгым. Бул үчүн жалпы чыгымдын 5%ы гана керектелет.
- 45% бул эмгекке кеткен чыгым. Бул өтө чоң сан – ошондуктан механизациялоо аркылуу инновация киргизүү зарыл!
- калган чыгымдар – сугаруу, зыянкечтер менен күрөшүү ж.б.
Баса, Талаа күнүндө «Кыргыз Агро Биоцентр» эксперименталдык компаниясынын өкүлдөрү кант кызылчасынын зыянкечтери менен күрөшүү жолдорун айтып беришти. Иш-чара “Бай-Түшүм” банкынын бул тармакка насыя берүү кызматынын презентациясы менен аяктады.
Расмий маалыматтарга ылайык, болжол менен бир киши 29 кг шекер колдонсо, республика калкы орточо эсеп менен жылына 145 миң тонна шекер колдонот.
“Кант заводдорун каржылоо Кыргызстанга шекердин импорттолуусун жокко чыгарат. Эки жылдан кийин шекер чет жакка экспорттолуп баштайт”,-деди кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөсү Эркин Асрандиев.
Ирина Байрамукова