Өкмөт кыргыз жарандыгы жок чет элдиктерге Кыргызстандан турак-жай сатып алууга уруксат берүүнү сунуштоодо. Министрлер кабинети бул кадамдар өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртат деген пикирде. Кыймылсыз мүлктү сатып алуудагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чек арага жакын жайгашкан аймактардан турак-жай сатып алууга мүмкүн эмес.
“Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору 19-сентябрда парламенттин кароосуна келип түштү. Баяндамачы – Юстиция министрлиги. Аталган министрлик 2013-жылдагы Турак-жай кодексине чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берүү үчүн ыйгарым укуктуу орган деген түшүнүк киргизилгенин белгилейт, бирок анда процедуралардын тартиби бекитилген эмес. Натыйжада укуктук вакуум түзүлгөн. Буга чейин бул маселелер боюна комиссия иштеген, бирок ал учурда жоюлуп кеткен. Бүгүн болсо Кыргызстанда чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берүүчү мамлекеттик орган жок.
Жаңы мыйзамды демилгелөө инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Өкмөт алардын дайыма жашаганга уруксат кагазы же инвестициялык визасы бар болсо гана уруксат берүү керектигин билдирет.
Ал эми КРнын жарандары мыйзам долбоорлору кабыл алынгыча үй сатып алуулары керек, себеби “бай” кардарларды самаган ортомчулар турак-жайдын баасын жогорулатып жибериши толук ыктымал. Бул ортомчулар гана кошчу каражат, ал эми турак-жайлардын баасы дагы баштапкыдан жок дегенде 2 эсеге жогорулары турган иш.