• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыймылсыз мүлк сатып алганда жашоого уруксат берген жети өлкө

👁 655

Испания

Бир адамга баасы 500 миң евродон кем эмес кыймылсыз мүлктү сатып алуу менен жашоого уруксат алууга болот. Андан соң жаранга өлкөдө жашоого укук берген алтын виза тапшырылат. Бирок бул үчүн Испанияда жыл сайын жок дегенде 183 күн жашоо керек.

Болгария

Бул жерде туракжайдын баасы бир топ эле кымбат – болжолу 300 миң евроОшондуктан сатып алууну жеке адам катары же арыз ээсине 50%дан кем эмес капиталы таандык болгон болгариялык фирма аркылуу сатып алууну жүргүзсө болот. Беш жыл убактылуу жашагандан кийин узак мөөнөттүү жашоого аракет кылса болот. 

Түркия

Туракжайды сатып алуу орточо 45 миң еврого айланат. Полиция башкармалыгына банктагы эсептин көчүрмөсүн, ошондой эле мөөнөтү бүтө элек паспортту, кыймылсыз мүлккө менчик укугунун күбөлүгүн, объекти сатуу-сатып алуу келишимин тапшырып, убактылуу жашоо үчүн пошлинаны төлөө керек. Алгач жарым жылга уруксат берилип, аны кийин эки жылга узартып алса болот. 

Кипр

Бул жерде туракжайды 300 миң евродон кем эмес суммага сатып алуу керек. Туракжай жаңы болуп, куруучудан алынышы зарыл. Инвестор минимум 200 миң евро төлөшү талап кылынат жана сатып алуу Кипрдин аймагынан тышкаркы булактардан түшкөн каражаттын эсебинен жүргүзүлгөндүгү тастыкталууга тийиш. 

Ошондой эле жылдык киреше (Кипрдин аймагынан тышкары) минимум €30 миң түзөрүн далилдөөгө туура келет. Жубайлар жана ар бир балага – минимум 5 миң евро киреше, ошондой эле арыз берүүчүнүн ата-энеси менен жубайына 8 миң евро. Дагы эки маанилүү шарт – кипрлик банктын эсебинде үч жылдык мөөнөт менен минимум 30 миң евро болушу керек. Эң акырында соттолбогондугу жана издөөдө жүрбөгөндүгү талап кылынат. 

БАЭ

Туракжайдын баасы – 97 миң евронун айланасында. Жашоого уруксат 3 жылдык мөөнөткө берилет. Үй сатып алган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү убактылуу жашоого укук ала албайт. Бирок БАЭнин өкмөтү бул багыттагы кетирилген эрежени оңдоонун үстүндө иштөөдө.

Грузия

Туракжайдын баасы – 35  миң евронун тегерегиошол замат эле жарандыкка эсеп кылса болот. Бул үчүн кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүк тиешелүү органга жарандык алуу үчүн кайрылууга тийиш. Мында Грузиянын эки жараны сунуштама бериши керек. Андан кийин сиз эки жыл мөөнөткө жашоо үчүн укук аласыз. 

Греция

Греция кыймылсыз мүлк сатып алуучуларга беш жылдык жашоо укугун берет. Мүлктүн баасы 250 миң евродон кем болбошу керек. Убактылуу жашоо укугу инвестордун баардык үй-бүлөсүнө берилет. 
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости