• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кытайлыктар Душанбеге кандай ЖЭБ курушкан?

55

👁 1,658

Тажикстандын борбору Душанбеде жаңы жылуулук электр станциясы ЖЭБ-2 2016-жылдын декабрь айында ишке кирген. Экинчи фаза 2014-жылы сентябрда курулуп баштаган.

Долбоордун жалпы суммасы 349 млн долларды түзгөн, анын ичинен 17,4 млн долларын Тажикстан кошкон. Жаңы ЖЭБдин кубаттуулугу 400 мВт жана 235,46 Гкал жылуу. Ал жакта 700дөн ашуун тажик жарандары иштейт.
Душабенин ЖЭБин Кытайдын ТВЕА (Tebian Electric Apparatus Stock) компаниясы курган. Дал ушул компания Бишкектеги борбордук ЖЭБин модернизациялаган. Бирок алар Душанбеде 349 млн долларга жаңы жылуулук электр станциясын курса, бизде 386 млн долларга оңдоп гана коюшкан.

Жаңы жылуулук электр станциясын курууга The Export-Import Bank of China Тажикстанга 331,5 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлүп берген. Коңшу өлкөдө кытайдын көптөгөн инвестициялык долбоорлору ШКУнун келишиминин алкагында ишке ашат.

The Export-Import Bank of Chinа (Кытайдын экспорттук-импорттук банкы) бул толугу менен Кытайдын өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнгөн финансылык институт. The Export-Import Bank of Chinа чет өлкөлөргө карыздарды, жеңилдетилген насыяларды берүүчү негизги банктардын бири. Бул банк “Бир кур бир жол” глобалдуу долбоорун ишке ашырууда маанилүү роль ойнойт.

Чубактын чуусундай чубалган Душанбедеги курулуш

Душанбедеги ЖЭБ-2 курулушу тээ алыскы 2009-жылы башталганы. Тажик ММКларындагы маалыматка таянсак, курулуш иштери 17 айда бүтмөк, бирок баш аягы ЖЭБди курууга 8 жыл кеткен.

Жаңы ЖЭБ-2ден сырткары тажик бийлиги 220 кВт кубаттуулуктагы «Шахринав» көмөк чордонун, 110 кВт кубаттуулуктагы «Гиссар» көмөк чордонун жана 110 кВт кубаттуулуктагы «Гиссар-Шахринав» электр линиясын курушкан. Аларды жана жаңы ЖЭБди «Барки Точик» энергетикалык компаниясы башкарат.

Учурда тажикстандыктар 2 ЖЭБдин кызматынан колдонушат. Эски ЖЭБ 1957-жылы курулган. ЖЭБ-1 газ, мазут менен иштейт, ал эми ЖЭБ-2 көмүр менен. Эски ЖЭБдин энергетикалык кубаттуулугу 20 МВт электр энергия жана 50 Гкал жылуулук. 2000-жылдын башында бир нече жолу модернизация болгон. 2012-жылы душанбеликтер дагы кыргызстандыктардай тоңуп калгандыктан жаңы жылуулук электр станциясын куруу чечими кабыл алынган.

2017-жылы эски ЖЭБ «Казремэнерго» казак компаниясы тарабынан модернизацияланган. Оңдоодон өткөндөн кийин кубаттуулугу эки эсеге жогорулаган.

Былтыр «Барки Точик» мамлекеттик энергетикалык компаниясы жылуулукка болгон тарифтерди жогорулатуу чечимин кабыл алган.

“Кара шаар”

2015-жылы жаңы ЖЭБди текшерүү үчүн иштетип башташканда жылуулук электр станциясынан алыс эмес жайгашкан кичи райондордун жашоочулары ыш жана кара көө каптап жатканын айтып нааразы болушкан. Социалдык тармактарда жана тажик маалымат сайттарында көө болгон үйлөрдүн, унаалардын сүрөттөрүн жарыялап башташкан. Жада калса «Боги Пойтахт» балдар сейил багында да көөлөр пайда болуп, ыш экени айтылган.

Тажик ММКлары жаңы ЖЭБге фильтр коюлбаганы тууралуу күмөн ойлор жазылып, бирок Душанбе мэриясынын өкүлдөрү бир ирээт фильтр иштебей калганын моюнга алышкан. ТВЕА кытай компаниясынын өкүлдөрү дагы бул каралоолор тажик жана кыргыз ММКларынын чабуулу экенин айткан.

“Дастгири-Центр” экологиялык уюмунун лидери Муазама Бурханова “Озадагон” деп аталган тажик маалыматтык сайтына берген маегинде жаңы ЖЭБ турак-үйлөргө, сейил бактарга жакын жайгашкандыктан тынчсызданып жатканын билдирген.

“Станция кандай иштерин толук билбейм, себеби анын техникалык мүнөздөмөлөрү, айлана-чөйрөнү коргоо иш-чаралары, социалдык иш-чаралары жана башка көрсөткүчтөрү менен тааныш эмесмин”,-деди эколог.
Кытай компаниялары экология жагын көп ойлобойт деле. Тажикстанда бүгүнкүгө чейин жаңы ЖЭБ-2 боюнча талаштар тынчыбай келет. “Маленькая Земля” экологиялык уюмунун өкүлү Тимур Идрисов AsiaPlus тажик агенттигине жарыялаган материалында эффективдүү экологиялык көзөмөл жоктугун айып, келечекте Тажикстан айрым бир корпорациялар мамлекеттер “экспорттогон” булганыч өлкөгө айланат деген пикирин билдирген.

Сүрөт: vecherka.tj сайтынан алынды

Талант Кубат

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости