Анда Кытайдын өндүрүштөрүн көчүрүү маселесинен тартып өлкөдөгү инвестициялык климатка чейинки бир нече маселелер каралды.
Кытайдын бийлигинин сунушу боюнча маселе да каралды. Алар Кыргызстандын бош турган өндүрүш аймактарында өндүрүштүк ишканаларды куруу жана ишке киргизүүнү сунуштап жатышат.
Ашыкча ишканаларды Кытайдан сырткары көчүрүү боюнча Программа тууралуу окурмандарга эскертип кетели. Кытайдагы экологиялык абалга байланыштуу өлкө жетекчилиги өндүрүштүн айрым бир бөлүгүн башка мамлекеттерге көчүрүү маселесин карап жатат.
Албетте, биринчи кезекте бул зыяндуу ишканаларга тиешелүү. Зыяндуу өндүрүштөрдү Камбоджага, Чыгыш Азиягажана Борбордук Азияга көчүрүү пландалууда. Керек болсо Казакстан дагы бул программанын өнөктөшү.
Бирок убагында Т.Сариев жетектеп турган өкмөт бул тармактагы маселелердин башында турган Кытайдын коммерция министрлигин алдындагы Департамент менен меморандумга кол койгон. 2016-жылдын май айында биздин өлкөдө иштебей турган 38 ишкана болгон. Азыр дагы 4 завод кошулду. Негизинен сөз “Кыргыз кездеме-нооту комбинаты”, “Береке” ЖЧКсы, картон заводу жана башкалар тууралуу болду.
Кытай өнөктөштөрүн түшүнсө болот. Эскини оңдогуча жаңыны куруу оңой. Биздин эски ишканалар эски совет экономикасынын бөлүгү болуп калган. Кытай заводдору алардын керектөөсүнө ылайык жана алардын профили “рынокко” ылайык болот. Биздин өкмөттү дагы түшүнсө болот. Эскилиги жеткен фабрикалардан арылып, жерлерди бошотуу зарыл. Бирок биз бул ишти өзүбүз кылгыбыз келбейт жана кыла да албайбыз – бюджетте каражат жок.
Кандай болгон күндө да Кыргызстан үчүн мындай долбоордон баш тартып коюуга болбойт. Эгерде биздин аткаминерлер ар кандай шылтоолорду айтып бул долбоорлорго бөгөт кое турган болсо, анда бул өз элинин алдында жасаган кылмышы болот. Ал жакта муну түшүнүп турушат деп ойлойбуз.
Жалпылап айтканда соодалашуу башталды. Жакшы кабарларды күтөбүз.