Өз тилинде сүйлөп, өз элине жакын болууну максат кылып Женнинин ата-энеси Кыргызстанга 2006-жылы көчүп келишкен. Бир нече чет тилде эркин сүйлөгөн, Колумбия университетинин бүтүрүүчүсү, Америка университетинин эки жылдык магистратурасын АКШда аяктап келген Женни бүгүнкү күндө“Джей-Инвест Консалтинг” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору. Социалдык чөйрөдө дүйнөлүк экономикалык форумунун Бишкек Global Shapers уюмунда иш алып барат. Социалдык өндүрүүчүлөр ассоция кеңешинин мүчөсү.
–Сенден жаштар көп үлгү ала турган баалуу сапаттарды байкадым. Китепти көп окуганыңа ар тараптуу иш алып барган эмгекчилдигиңе, мекенчилдигиңе баа бердим. Жаштар, деги эле адамдар убакытты туура пайдаланалбай жашоо өтүп жатат. Сага окшоп көп нерсеге жетишүү үчүн, жакшы, бактылуу жашоо үчүн кандай кеңештериң бар?
–Жаштар ар кандай денгээлде жана тараптуу. Мисалы аймактарда жашоо деңгээли башка. Биздин элдин көпчүлүк бөлүгү аймактарда жашашат. Ал жактагы жаштардын жашоосу, билими тууралуу сөз кылсак облус, айылдардагы жаштар көлөкөдө калгандай абалда. Бийлик башындагылар аймактардагы жаштарга көбүрөөк көңүл бөлүүлөрү зарыл.
Жакында биз Нарын, Талас, Ысык-көлгө ж.б областарга барып келдик. Ош облусунда да болдук. Жаштардын убакытты бошко кетиргендеринин себеби алар алдыга туура максат кое алышпай, алдыга умтула албай жатышат. Кандай жолго барууну биле беришпейт. Ошону менен бирге аймактарда ата-энелер жаштардын билим алуусуна көңүл бура беришпейт экен.
Көп үй-бүлөлөр жалаң кредит менен кыйналып жашап жаткан учурда бир жагынан карасаң алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүүлөрү зарыл. Өлкөбүздөгү экономиканын начардыгынан аймактардагы жаштар билимсиз жана максаттары ишке ашпаган бойдон калышууда. Көпчүлүгү жарыбаган акча үчүн чет-өлкөлөрдө мигрант болуп жүрүшөт. Мен өлкөбүздүн эртеңки мууну ушул ахыбалда кала берүүсүн каалабас элем.
-Бирок буга ким күнөөлүү, азыркы системабы же ата-энесиби?
- Мен көп студенттер менен сүйлөшүп калганда алар айтышат. Өзүбүздүн мектеп же университет туура жол көрсөтө алышпай, туура билим бере алышпай жатат дешет. Тилекке каршы кыргызстанда эле эмес бүт дүйнө жүзү боюнча билим берүү системасы 150жыл мурун кандай болсо ошол бойдон сакталып келет. Система өнүкпөй келет.
Университетти эле карап отурбай тажрыйбасы көп билимдүү адамдар менен ой бөлүшүш керек. Башкалардан жардам күтпөй жаштар өз тагдырларына өздөрү жооптуу болуулары керек. Ата-энелерге кеңешим аталар, апалар сиздер балдарыңардын керемет талантын кичинесинен байкабайсыздар. Балдарга билим берүүгө жана өзүн-өзү өстүрүүгө кичинесинен жардам берсеңиздер.
–Китеп демекчи өзүң кандай китептерди окууга кызыгасың? Жаштарга кандай китеп окууну сунуштайсың?
–Китептин түрлөрү абдан көп. Азыр ар кыл изилдөөлөргө арналган китептер чыгып жатат. Мен кызыгып карасам дүйнө жүзүндөгү миллионер болгон адамдардын баары китепти көп окушат экен. Алар күн сайын китеп окушат экен. Мен күн сайын эки үч сааттык убактымды өзүмдү өзүм өстүрүүгө арнайм. Бүгүн замандаштарымды да буга чакыраар элем.
Андан тышкары да адам күн сайын аз болсо 1–2 саат убактысында пайдалуу бир нерсе алууга умтулуу керек. Китеп окууга көңүлү чаппаса спорт менен машыгыш керек. Тил үйрөнүш керек. Мен өзүм ийгилике жетишкен адамдар, экономика жана бизнес башкаруу тууралуу көп окуйм. Тарыхый жана философия китептерди көп окуйм.
–Кайсы өлкөдө болбосун жаштар арасында болосуң. Мисалы Кытайдагы кыз-жигиттер менен кыргыз кыз-жигиттеринин, жубайлардын бири бирине болгон мамилесинин кандай айырмачылыктары бар?
–Менде жумуш деген жумуш. Жеке жашоо деген жеке жашоо. Мен жаштар менен мамиле кылганда көбүнчө жумуш тууралуу сүйлөшөбүз. Жеке жашоолоруна кийлигише бербейм. Кытайда билесиз да ар бир үй-бүлөдө ар бир бала маанилүү роль ойнойт. Кыздардын, аял кишилердин ордулары жогору. Аялдарды урматташат. Мурда биздин тарыхыбызда кыргыз коомчулугу аялдын ролун жогору баалашкан. Бирок кийинки кездери бул көрүнүш жоголуп бараткандай.
Менин атам турмушка чыккан кыз каражат жагынан көз каранды болбош керек деп айтчу. Аялдар өздөрүн-өздөрү камсыздап, каражатка жетиштүү болгондон кийин кайын журту жагынан урматтоо да алышат. Азыр кыздар жаштайынан эле турмушка чыгып алышып, турмушка тажрыйбалары жок. Билимдери жок, өз укуктарын коргой алышпайт. Жашоолорунда көз каранды болуп калышат. Менин апам «Үй-бүлө курууда дароо эле ысык сүйүү болуп кетпейт. Жөн гана суктануу болот. Сүйүү түгөйлөр көпкө бирге жашаган соң пайда болот. Түгөй тандоодо өзүңдү гана ойлобой болочоктогу балдарыңа ал кандай ата болот. Кандай эне болот. Ошону ойлонуш керек» дейт.
–Өлкөбүздүн баардык аймактарын кыдырып, жаштарды алдыга умтулууга үндөп, жол көрсөтүп тынбай эле иш үстүндө жүрөсүң? Учурда кандай иштер менен алектенип жатасың?
–26 жашымда “Джей-Инвест Консалтинг”деп аталган жеке өз компаниямды ачтым.Компаниямды ачканга бир жылдан ашык убакыт болду. Мен бул компаниянын негиздөөчүсү жана директорумун. Менин жаш курагыма карабай бизнес чөйрөсүндө он жылдык тажрыйбам бар. Мен үй-бүлөлүк бизнеске 17 жашымдан баштап жардам бере баштагам.
Ар тараптуу иштеримде жаштар менен коом менен иш алып барабыз. Бизнес жана башкаруу тууралуу кеңештерди беребиз. Менин өзүмө дагы коом менен иш алып баруу абдан жагат. Жаштарга бизнес долбоорлорду жасап беребиз, тренингдерди өткөрөбүз. Ар бир жылы Бишкек хаб Global Shapers аркылуу, жогорку окуу жайлардын жарманкелерин өткөрүп турабыз. 2017-жылы бул жарманкени ийгиликтүү өткөрдүк. Максатыбыз баардык жогорку окуу жайлар тууралуу маалыматтар менен мектеп окуучуларына кенен маалымат берип туруу.
Бирок мен ойлоим, жаш учурда баарын жасап калууга жетишүү керек. Жаш кезде ката кетирсең да болот.Мен отуз жашка толгондон соң гана бир тармакта иштөөнү тандап алам. Бирок социалдык жоопкерчиликти, билим берүү тармагында жаштарды колдоону токтотпойм. Кыргызсанга 21-кылым мектебин ачуу максатымды ишке ашыргым келет.
–Ар бир адамдын жашоого болгон көз карашы ар башкача. Жашоодогу принциптериң кандай?
–Мага ар убак апам айтып калат. Адам бол деп. Биринчи адам болуш керек. Азыр абдан кыйын доордо жашап жатабыз. Кризис болуп жатат. Бирок буга шылтоолоп бирин бири сатып, дагы башка адамдык асыл касиеттерди жоготпош керек. Дайыма өзүнүн кызыкчылыгын эмес мекенинин, өлкөсүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга койуш керек.
Биздин үй-бүлөдө мени атам ушундай тарбиялаган. Адам өз сөзүндө, убадасында туруш керек. Мага иш боюнча ар кыл сунуштар келет.Ак көңүлдөнүп баарына макул боло берүүдөн алысмын. Мен ишке өтө жоопкерчилик менен карайм. Анан ар убак оптимистик көз караш менен алдыны көздөй умтулуп жашоону жактырам.
–Соңку сөз ордуна элибизге айтаар кебиңди уксак?
- Биз мындай болушубуз керек деп аянттан кыйкырып чыгабыз. Фейсбук баракчаларынан акылдуусунабыз. Бирок өзгөрүүнү биз өзүбүздөн башташыбыз керек. Өзүбүзгө өзгөрүү алып келбесек үй-бүлөбүздө алдыга жылуу болбойт. Өлкөбүздө алдыга жылуу болбойт. Ар бир нерсеге алгач өзүбүз күнөөлүүбүз. Өзү бир ийгилике жетишип бизнес жасайбы же башка пайдалуу иш жасайбы ошол кичинекей иштердин баары биригип чоң ийгиликтер жаралат. Өлкөбүз өнүгөт деген пикирдемин.
Маектешкен Жамиля НУРМАНБЕТОВА