Кыргыз Республикасынын соода өнөр-жай палатасына Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынан башкы секретарь Ли Ивей баштаган делегация келди.
Тараптар Кыргызстан менен Гуандун провинциясынын ишкерлеринин эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюшту.
Учурда Гуандун – бул Кытайдын экономикалык жактан өнүккөн ири провинциясы. ИДПсынын көрсөткүчтөрү боюнча ал башка провинциялардан алдыда. Кытайдын тышкы соодасынын үлүшү боюнча Гуандун позитивдүү сальдого ээ. 1998-жылы экономикалык кубаттуулук жагынан Гуандун Сингапурду, 2003-жылы Сянганды басып өткөн.
Ли Ивейдин айтымында, ишкерлер экономикалык кризисти басып өтүшү жана учурда эл аралык рынокко чыгууга даяр.
“Кыргызстан биз үчүн инвестициялык жактан жагымдуу өлкө. Биз сиздерге узак мөөнөттүү иш алпаруу үчүн кытай өнөктөштөрдү сунуш кылууга даярбыз. Биздин өлкөлөрдүн коңшу болуусу туристтик тармакты өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт. Бизде ички туризм абдан өнүккөн жана Гуандундун жашоочулары Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна чейин саякатташат. Кыргызстанга болгон сапар 2 саатты гана ээлегендиктен туристтик маршрут сиздердин өлкөнү толук камтыса болот. Бизди Кргызстандын энерготармагы, жеңил өнөр-жайы, азык-түлүктөрү абдан кызыктырат. Кытайдагы сатып алуучулар азыр баасына карашпайт, бизге товардын сапаты маанилүү. Мындан кыргыз бизнесмендери колдонсо болот”,-деди Ли Ивей.
Учурда Кыргызстан Гуандун провинциясынан көп нерселерди импорттоп келет. Биринчи жарым жылдыкта аталган провинциядан болгон импорттун көлөмү 10 миң долларга жетти. Ошондуктан кытай делегациясы кытай жана кыргыз ишкерлери ортосунда экономикалык мамилени чыңдоого кызыкдар.
Ал үчүн бардык шарттар бар. Гуанжоудогу (КЭР) КРнын соода өнөр-жай палатасынын өкүлү Амирбек Закиров билдиргендей, акыркы кыргыз-кытай бизнес форумунун жемиши Кыргызстанда биргелешкен энергияны үнөмдөөчү лампочкаларды чыгаруу ишканасын түзүү болду. Керектүү нерселерди кытай тарап камсыз кылат, ал эми чогултуу биздин өлкөдө жүрөт. Бул товарды 30 % арзандатып, 60 жумушчу орун түздү.
Тараптар КРнын соода өнөр-жай палатасы менен Гуандундун өнөктөштүгүнүн алкагына мындай долбоорлор көп болооруна үмүт артарын билдиришти.
Чили Республикасы Кыргызстан менен кызматташууга даяр
Мындан тышкары Бишкекке расмий иш сапар менен Чили Республикасынын делегациясы өлкөнүн эки тараптуу экономикалык мамилелер боюнча директору Pablo Urria Hering менен бирге келишти. Чет өлкөлүк делегацияны КРнын Соода өнөр-жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев кабыл алды. Коноктор Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана экспорттук потенциалын билүүгө келишкен. Тактап айтканда, алар кыргыз грек жаңгагын экспорттоого кызыгышып, тоо кен тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунушташууда.
Чили – Латын Америкасындагы туруктуу жана тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Экономикалык тармакта Чилинин ийгиликтеринин негизин экономикасынын ачыктыгы, эффективдүү мамлекеттик жөнгө салуу түзөт. Чили кен байлыктарга бай жана бул өлкөнү “жез падышасы” атап келишет, себеби бул мамлекет аталган металлды экспорттоо боюнча биринчи орунда турат. Чилидеги экспорттолчу негизги товарлар: жез, пайдалуу кендер, өнөр-жай өнүмдөрү, айыл-чарба өнүмдөрү, балык жана жыгачты кайра иштетүү.
Расмий делегациянын өкүлдөрүнүн айтымында, алардын өлкөсү Бажы союзундагы өлкөлөр менен экономикалык жактан кызматташып келет жана ошондуктан Кыргызстанга келишкен.
КРнын соода өнөр-жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев конокторду Палатанын иши менен тааныштырып, экономикалык абал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Евробиримдик өлкөлөрүнө өнүмдөрдү салыксыз ташууга Кыргызстанда бардык шарттар бар.
Наргиза Өмүрбек кызы