Автомобили по сниженной цене в обмен на данные
Кытайда өлкөдөгү бардык жашоочулардын “каржылык тазалыгын” баалоо боюнча система киргизилди.
Водородная бомба решит вопросы мировой экономики
Карыздарын төлөбөгөн адамдар авиабилет сатып алууга, мейманканаларга жайгашууга автоматтык түрдө тыюу салынат, жада калса паспорт жана айдоочулук күбөлүгүн дагы алып коюлары ыктымал.
Шэньчжэндеги компаниялардын биринин кызматкери Чжон өзүнүн окуясын баяндап берген. Ал командировкага чыгуу үчүн авиабилет сатып алуу үчүн барган, бирок кассадан ага билет сатуудан баш тартышкан. Фирманын компьютери Чжон карызын төлөбөгөн адам катары Кытай өкмөтүнүн кара тизмесине киргенин билдирген.
Ферма на энергосберегающих источниках
Белгилүү болгондой, Чжондун болочоктогу күйөө баласынын компаниясы 60 миң доллар карызынын айынан дефолт деп жарыяланган, ал эми Чжондун бул компанияда үлүшү бар болчу. Акционерлер аз гана жоопкерчиликте болгонуна карабастан бул жаңы система Чжон аркылуу текшерилген.
Эми ал сотко барып, башка бирөөнүн карыздары үчүн жооп бериши керек.
Еда будущего. Светит ли Кыргызстану?
Кытайлыктардын “каржылык ишенимдүүлүгүн баалоо” тууралуу долбоор 2016-жылы ишке киргизилген. Меморандумга Кытайдын Жогорку Соту, Улуттук коопсуздук, транспорт жана жер мамилелери министрлиги, Кытай элдик банкы, Кытайдын темир жол корпорациясы жана 40тан ашуун мамлекеттик жана жеке компаниялар кол коюшкан.
Азырынча компаниялар кардарлары тууралуу маалымат топтоп жатып аларды баалайбы белгисиз. Бирок мындай долбоорлор бар. Мисалы, Alibaba компаниясынын Sesame Credit технологиясы санарип кызматты колдонуучуларга рейтингден орун беришет, ал жерде сайт тарабынан чогултулган ар кандай каржылык көрсөткүчтөр бар. Учурда карызы барлар тууралуу маалымат менен бөлүшүү үчүн автоматташтырылган система иштейт.
Карызы барлар бийик кызматтарга отура алышпайт, учак жана поезд билетин ала алышпайт, кымбат отелдерден орун ала алышпайт, гольф ойной алышпайт, кыймылсыз мүлк сатып ала алышпайт, балдарын кымбат жеке менчик мектептерде окута алышпайт. Ошондой эле алардын паспортун, нике күбөлүгүн жана айдоочулук күбөлүгүн жараксыз кылып салышы толук мүмкүн.
Кара тизмелер Кытайдын Жогорку Соту тарабынан түзүлүп, соттун чечимин аткарбагандар жана расмий түрдө банкрот болгонун жарыялагандар кирет.
Кытай бийлигинин маалыматына ылайык, кара тизмеге киргендиктен 6,28 млн адам учак билетин ала алышпаса, 2,29 млн адам поезд билетинен куру калышкан.
Сингапурдун бийлиги шаарды камералар менен камсыз кылып, алар жашоочулардын адаттарын жана жүрүм турумдарын көрсөтүп турмакчы. Ал эми немис окумуштуулары ультрадобуштун жардамы менен смартфон колдонуучулары тууралуу маалыматты жашыруун топтоого мүмкүн болгон технология ойлоп табышкан.
Кадам сайын мамлекеттер автоматташтырылган системага өтө башташты, бул болсо таза экономика курууга түрткү берет.
Жаңы технологиялар Кыргызстанга келсе көптөгөн көлөкөдөгү бизнестер ачыкка чыкмак. Ошондой эле электрондук өкмөт болсо дагы ачык-айкындуулук өкүм сүрмөк.