Кытай абаны тазалоо менен көптөн бери алек болуп келет жана Пекин бардык электростанциялар таза иштеп баштаган шаарлардын алгачкысы болду.
Учурда Пекинде саатына 11,3 млн кВт кубаттуулук менен иштеген 27 электростанциялар бар. Шаар куруу планына ылайык, жаңы ири элктр станциялары курулбайт.
Пекин бийлиги бул жылы көмүр колдонууну 30%га төмөндөтүүнү пландап жатат, себеби учурда Пекинди дайыма туман каптап турууда. Шаардын 6 району көмүр колдонуудан такыр эле баш тартуусу керек. Мындан сырткары шаар мэринин айтымында, шаар ичиндеги эскирген 300 миң унаа алынып, транспорттун экологиялык жактан тазасы колдонула баштамакчы.
Биздин өнөр-жай тармак Кытай өнөр-жай мекемелерин Кыргызстанга көчүрүү маселесин карап жатат.
Эмнеге деген суроо туулат?
Эмнеге Кыргызстанды дүйнөгө кереги жок таштандыга толтуруу керек?
Мунун баары өндүрүштү заманбапташтыруу жана токтоп турган ишканаларды иштетүү деген негизде болууда.
Инвестиция үчүн деп күйгөн аткаминерлердин айынан биз өлкөдө туман жаратуучу кереги жок металлдарды алабызбы?
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылган жолугушуулар, бизнес-форумдар болгон.
Эмнеге биздин ведомстволор кечээки күн менен жашап, акчаны зыян алып келүүчү нерсеге салбоо керектигин түшүнүшпөйт?
Дүйнө жүзү тазалыкка умтулуп жаткан маалда Кыргызстан өз жерин эски жабдуулар үчүн берип жатат. Алар болсо жылдап чогула бермекчи, себеби өлкөбүз аларды жок кылууну билбейт.