Sasaki архитектуралык фирмасы Кытайдагы айыл-чарба районунун концепциясын иштеп чыкты. Шанхайдан алыс эмес 100 гектар жерге агрардык комплекс салынат, ал вертикалдуу фермалардан, интерактивдүү күнөсканалардан жана акваермалардан турмакчы.
Айыл-чарба району Шанхайдын 24 млнго жакын тургунун азык-түлүк менен камсыз кылмакчы. Планга ылайык, комплекс шаар борбору жана аэропорт ортосунда орун алмакчы. Долбоор боюнча ал жерде жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча инновациялык ыкмаларды тестирлөөчү лабораториялар бар болот.
100 гектар аянтта вертикалдуу фермалар курулат – көп кабаттуу күнөсканалар аз убакыт ичинде эле мол түшүм менен камсыз кылат. Мисалы, Бельгияда буга окшогон фермалар 50 чарчы метр жерден 500 чарчы метр жерден алынуучу түшүмдү алышат, ал эми түшүм болсо ачык асманга караганда 2–3 эсеге тез бышат.
Күнөсканалар үчүн гидропоника жана аквапоника принциптери колдонулат. Ошондой эле шаардык ферма суу өсүмдүктөрүн өстүрүп, үрөндөр чыгарылмакчы.
Долбоор азык-түлүк технологиясынын борбору гана болбостон билим берүү аянты дагы болмокчу. Кардарлар өздөрү каалаган же-жемиштерди тандашып, алар кандай шартта өстүрүлүп жатканы менен тааныша алышат. Ошондой эле шаардык ферманын жанында илим музейи ачылат.
Шанхай үчүн фермалар өтө сейрек нерсе. Шаарда чакан чарбаларды гана кезиктирүүгө мүмкүн. Sunqiao агрокомплекси Шанхайдын гана эмес бүткүл Кытайдын талаптарына жооп берет. Айыл чарба өлкө ИДПсынын 13%ын түзөт.
Вертикалдуу фермалар жана инновациялык чарбалар Японияда дагы пайда болмокчу. 2017-жылы Spreat компаниясы Киотодо дүйнөдөгү алгачкы вертикалдуу ферманы ачканы турат. Анда бир гана роботтор иштемекчи. Күн сайын алар 30 000 кочан чогултушмакчы. Роботтор себүү, жыйноо, сугаруу иштеринин баарын аткарышмакчы.