Бул уйларды ийгиликтүү багууга мүмкүн болду. Бул ыкма терс таасирлерди бербейт.
Генетик окумуштуулардын көйгөйү дал ушул терс таасирлер. Көптөгөн жылдар бою окумуштуулар мындай эффекттерди бербөөчү жана жаныбарлардын мутация болуусуна алып келбөөчү гендерди издеп келишкен.
Эми мунун баары ишке ашып, кытайлык генетиктерде жаңы бөлүм пайда болду. Музоолор кургак учукка туруктуу болуп туулушту. Анализ ген бардык музоолорго ийгиликтүү киргенин көрсөттү. Буга чейин болуп келгендей бир дагы музоодо эч кандай туура эмес жагдайлар табылган жок.
Бул изилдөө дүйнөдө биринчи болуп жатат жана терс таасирлери жок трансгендик жаныбарларды бакса болорун көрсөттү.
Балким кытай окумуштууларынын ачылышы чоң кадам таштоого түрткү берет.
Ал эми биздин кыргыз окумуштууларына жаныбарлар рыногунда болуп жаткан окуялардын күбөсү гана болуп турууга туура келет.
Өлкөбүздө кесипкөй адистерди табу өтөө кыйын.