Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга боло турган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган газ куурунун долбоору боюнча келишим каралат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн 4-июндагы маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эки тараптуу келишимге 2013-жылы кол коюлган. Президенттин сапары учурунда ушул долбоор боюнча жаңыртылган документке кол коюлаары күтүлүп жатат. Ал эми Алай тараптан Кытайга жер берилет деген ушак жалган.
«Газ түтүк Кытайдын менчигинде болот. Жерден төрт метр тереңдикке жаткырылат. Ал эми жер убактылуу ижарага берилип, Кыргызстандын менчигинде болот жана коргоого алат. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар. Көптөгөн мамлекеттер мындай келишимдер аркылуу миллиарддаган пайда көрүп жатышат»,- деди Сыдыков.
Эске салсак, 2013-жылы Кытай лидери Си Цзиньпиндин Борбор Азияга болгон расмий сапарында, аймактагы өлкөлөр менен жалпы көлөмү 58,1 млрд долларлык келишим түзүп кеткен. Анын 30 миллиарды Казакстанга, 15,5 миллиарды Өзбекстанга, 7,6 миллиарды Түркмөнстанга, 5 миллиарды Кыргызстанга туура келет.
фото: интернеттен алынды