Кытай Кыргызстанга грант түрүндө 600 млн юань бөлөт. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов президенттин Кытайга болгон сапарынын алкагында билдирди.
Анын айтуусунда, Кыргызстан өз продукциясын Кытайга экспорт кылышы үчүн бөлүнгөн акча жолдорду жана лабораторияларды курууга жумшалат. Ошондой эле, археологиялык казууларга да сарпталат.
“Президент Жээнбековдун Кытайга жасаган сапарынын алкагында темир жол куруу жана электромобиль заводун куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Эгер биз аны ишке ашыра алсак, өнүгүүгө жол ачылат”, — деди Панкратов.
Министр мындан тышкары, Кытайдан келген экспорттун көлөмү 10 пайызга кыскарганын, соода жүгүртүү 1,6 млрд доллар экенин кошумчалады.