• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кытай Кыргызстандын биринчи соода-өнөктөшү

11

👁 2,586

Кылымдар бою соода жана маданий алакада болуп келген Кыргыз-Кытай мамилеси, Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдардан тартып, жаңы бийиктикке көтөрүлгөн. Тактап айтканда эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери 1992-жылдын 5-январында башталган. Бул аралыктан бери саясий, экономикалык ‚ маданий жана гуманитардык мамилени бекемдеген эки жүздөн ашык документтерге кол коюлган.

Кыргызстан үчүн Кытай менен кызматташтыктын мааниси чоң. Биринчиден кытай экономикасы жагынан дүйнөдө алдыңкы 2 өлкөнүн бирине айланды. Мындай ири мамлекет менен коңшу болуу насиби экономикалык гана эмес саясий коопсуздукту да камсыздайт деп белгилейт, мурдагы тышкы иштер министринин орун басары, жакынкы чыгыш боюнча адис Талант Кушчубеков.

Талант Кушчубеков: “Кытай менен саясий жана коопсуз жагынан алганда көп жылдан бери кызматташып келе жаткан өнөктөш. Эң башкысы Кытайдын экономикасынын базары Кыргызстан үчүн аалам деп койсок болот”.
Кытай менен болгон соода экономикалык мамилени Кыргызстан өз аймагында муктажыгына жараша ирээтке келтирип, дүйнөлүк стандартарга шайкештеп алышы кажет деп белгилешет адистер. Буга чейинки ири долбоорлорду эске салсак, Кыргызстандын энергетикалык көз карандылыгын жойгон Датка-Кемин долбоору . Буга Кытайдын экспорт-импорттук банкы 389 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн. Түндүк-түштүк альтернативдик жолу. Анын жалпы узундугу 460 чакырым. Курулушка Кытай өкмөтү жана экспорт-импорттук банкы жалпы 700 миллион доллар каражатын жеңилдетилген насыя катары берди. Мындан сырткары Бишкек Жылуулук Электр Борборун модернизациялоого Кытайдын «Эксимбанкынан» 386 миллион доллар насыя алынган.

Кыргызстан Кытай менен саясий жана экономикалык гана эмес, маданий, гуманитардык, илим жана билим жаатында тыгыз кызматташтыкта келе жатат. Бул алкакта Кыргызстандын бир катар ЖОЖ, Улуттук илимдер академиясы жана тармактык Илимий мекемелери өз тармактары боюнча үзүрлүү байланыш түзө алды. Учурда жүздөгөн кыргыз жаштары гранттык негизде коңшу өлкөдө билим алууда. Ошондой эле Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин базасында мамлекеттик деңгээлде Кыргыз-Кытай биргелешкен ири технопарк түзүү пландалган. Бул туурасында аталган окуу жайдын ректору Рысбек Нургазиев төмөнкүлөргө токтолду.

Рысбек Нургазиев: “Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосуна технопаркты куруу боюнча чоң келишимге кол коюлган. Бул гранттык негизде болот. Технопарк ишке ашып кала турган болсо жеке эле илим чөйрөсүндө эмес, же айыл чарбасына эмес Кыргызстандын экономикасына чоң өбөлгө түзөт. Себеби Кытай мамлекети космос, фиизика менен технопорктарды өнүктүрүп алдыга чыгып кетишти. Эгерде айыл чарба технопаркы болсо бул келечекте экономикага чоң бир салымын кошо турган илимий борбордун бири болуп эсептелинет”. 

Жакында эле Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалог” аттуу форум өттү. Анда эки өлкөнүн өкмөттөрүнө ыкчам сунуштарды иштеп чыгуу жана эки тараптуу алакаларды жаңы деңгээлге илгерлетүү максатында мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууланды. Форумдун жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова төмөнкүлөргө токтолгон.

Динара Кемелова: “Кытай биз үчүн жакшы кошуна жана стратегиялык өнөктөш. Учурда өлкөлөр ортосунда 200дөн ашуун эл аралык келишим макулдашууларга кол коюлган. Өткөн жылы Кыргызстандын президенти Кытайга барып бир алкак-бир жол форумуна катышкан. Албетте биргелешип чече турган бир катар маселелр бар. Жүк ташуучулар, виза жана башка”.

Ошондой эле формудун алкагында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчичи Сяо Цинхуа президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасай турган мамлекеттик визити, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жаңы баскычка көтөрөөрүн белгилегени бар.

Сяо Цинхуа: «Биздин мамилелер жаңы башталыштын алдында турат. Бир айдан кийин Кытайда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт жана Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун биринчи мамлекеттик визити күтүлүүдө. Эки өлкөнүн лидерлери кызматашты бекемдөө маселелерин талкуулашат. Жогорку деңгээлдеги визит коншулук жана өлкөлөрдүн эки тарапка пайдалуу кызматташтыкта маанилүу роль ойнойт. Биздин милдет – олкө лидерлери тарабынан жетишилген макулдашууларды убагында ишке ашыруу болуп саналат». 

2017- жылдын май айында Кытай дүйнө коомчулугуна “ Бир жол – бир алкак” программасын сунуштаган. Иш – чарада сүйлөгөн сөзүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Жибек жолунун өзөгүн — тынчтык жана кызматташтык, ачыктык, ар тараптуу пайда жана коопсуздук түзөөрүн билдирген. Ал Кытай “Бир жол – бир алкак” долбоорунун өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө дайым даяр экендигин айтып, долбоорго катышкан ар бир мамлекет менен достук мамилени бекемдеп, кабыл алынган келишимдерди иш жүзүнө ашырууга тез арада иштер башталаарын билдирген. Кыргызстандык эксперттер “ Жибек-Жолу” долбоорунда Кыргызстандын эзелтен өз орду жана доору болгонун белгилешет.

Белгилүү экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, кубаттуу экономика менен коңшу болуунун терс жактары да бар. Анткени, бир жагынан кытайдын арзан товарлары кыргызстандыктардын муктаждыгын камсыз кылып жатса, экинчи жагынан бул улуттук өндүрүшкө кедергисин тийгизип жатканын айтат экономист.

Жумакадыр Акенеев:“Мына азыр азык-түлүктөр да Кытайдан ташыла баштады. Ага байланыштуу кумшекер өндүрүшү токтоду, кызылча өстүрбөй калышты. Совет мезгилинде Кыргызстан күрүч өстүрчү, азыр ал да токтоду. Ал тургай жер-жемиштер да Кытайдан келип жатат, кытайдын алмалары мисалы жергиликтүү алмалардан арзан” – дейт.

2017-жылдын 10 айында Кыргызстандын Кытай менен соода алмашуунун көлөмү импорт боюнча 1 млрд 243 млн долларды түзсө, экспорт 81 млн долларды түзгөн. Ошондой эле акыркы жылдары Кытай Кыргызстан менен соода сатык кылган 10 мамлекеттин катарына кирип, 2017-жылдын 10 айында 1 млрд 324 млн долларга жеткен. Муну менен төрт жыл ичинде бир катар өзгөрүүлөр болуп, буга чейин Кыргызстан үчүн биринчи орунда Россия болсо, учурда алдыга Кытай чыкты. Россия made in KG товарларын мурункуга караганда эки эсе көп сатып алганына карабастан, Кытай алдыга чыккан.

Миңдеген үй-бүлөлөр кытайдан товар ташып жан бакса, миңдеген кытайлыктар Кыргызстанда бизнесин жүргүзүүдө. Эгемендиктин алгачкы жылдарында эле туңгуч президент Аскар Акаев Кыргызстан Кытай деген эбегейсиз чоң океандын жээгинде турат жана анын эпкини менен эле өнүгөт деп айтканы бар. Бул ойду экономикалык эксперттер дагы Кытай сыяктуу коңшу турганда Кыргызстандын жакыр мамлекет болушу мүмкүн эмес дешет.

Кыргызстан менен Кытайдын тыгыз соода алакасынын негизги күбөсү бул — жергиликтүү базарлар. Учурда Кыргызстанда кытай товарын сатпаган бир да соода түйүнү жок. Кытай товарларынын сапаты начар болгон менен, негизги өзгөчөлүгү арзандыгында.

Жакында Кытайдын борбору Пекинде Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги саммити өтөт. Мунун алкагында президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Кытайга барат. Анда өлкө башчынын Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинь менен жолугушуусу пландалган. Анда дагы кандай келишимдерге кол коюлат же канча көлөмдө инвестиция тартылат күтө туралы.

Сүрөт интернеттен алынды

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости