24–25-январда Ташкентте үч өлкөнүн өкүлдөрү Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшөт. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМи билдиргенин 24. kg жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, үч тараптуу жолугушуунун алдында эл аралык ташуулар боюнча өзбек-кыргыз жана өзбек-кытай жыйындары болмокчу.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылы октябрь айында Ташкентке болгон иш сапарынын алкагында транспорттук коридор түзүү боюнча жана Өзбекстанды, Кыргызстанды жана Кытайды бириктирүүчү темир жол куруу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.
Биринчи кадамдар жасалды. Октябрь айынын акырында Ташкент — Андижан — Ош — Эркеч-Там — Кашгар каттамы боюнча жүк ташуучу унаалар өткөн.