• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кытай Кыргызстан аркылуу алып өткөн газы үчүн 2,5 млрд доллар төлөйт

22

👁 1,754

Кыргызстан жыл сайын 75 млн доллар пайда көрөт

“Кыргызстан-Кытай” газ куурун куруу жана ишке киргизүү боюнча макулдашуу 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган. Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы – 2,5 млрд. доллар жана ал толугу менен чет элдик инвесторлор тарабынан курулат. Кытай түркмөн газынын төртүнчү бутагын Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү көздөгөн. Долбоордо бул газ кууру Тажикстандан Кыргызстанга кирип, Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынан Алайдын Кытай менен чектешкен Эркечтам аймагына чейинки жалпы узундугу 224 чакырымды ичине камтыйт. Ал куурдун кубаттуулуугу жылына 30 млрд. куб метрди түзөт, түтүктүн диаметри 1219 мм жана жумуштук басымы 12 mPa көрсөткүчкө жетет.

Кыргызстан аркылуу өтө турган газ кууру боюнча келишимге мурдагы президент Атамбаевдин учурунда, Шанхай шаарында кол коюлган. Макулдашуу 35 жылга түзүлүп, газ куурун салыш үчүн пайдаланууга бериле турган жердин жалпы аянты 810 гектар деп көрсөтүлгөн. Анда газ куурунун Кыргызстан аркылуу өтчү бутагынын узундугу 224 чакырымды, туурасы 10 чакырымды түзөрү бекитилген. Ал жылына 30 миллиард чарчы метр жаратылыш газын алып өтүүгө ылайыкташа турганы айтылган эле. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов жакында парламенттин Бюджет жана каржы комитетинде бул газ куурунан Кыргызстан жыл сайын 75 миллион доллар пайда табарын билдирген.

“Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ куурунун курулушу 2019-жылы башталып, долбоор боюнча үч жылда бүтө турганы көрсөтүлгөн. Курулуш долбоорунун баасы 1,2 миллиард долларга бааланган. Бул долбоор ишке кирген соң Кыргызстанга жыл сайын 70 миллион доллар акчалай киреше түшүп, аны курууда жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү тургундардан тартылат. Жер эч кимге берилбейт. Бул түтүкчөлөр жердин алды менен өтүп, Алайды эч качан экиге бөлбөйт”.

Долбоор үчүн Алай тараптан Кытайга жер берилеби?

215 чакырымды түзгөн газ куурунун аягы Алай районундагы Нура айылынын жанындагы кыргыз-кытай чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү пунктуна жакын жерден бүтөт. Акыркы учурда бул маселе коомчулуктун талкуусуна түштү. А түгүл интернет булактарында «долбоор үчүн Алай тараптан Кытайга жер берилет экен» деген сөздөр чыккан. Бул долбоор боюнча КРнын президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков туура эмес маалыматтар берилип жатканын маалымат жыйынындарынын биринде журналисттерге билдирген.

“Газ түтүк Кытайдын менчигинде болот. Жерден төрт метр тереңдикке жаткырылат. Ал эми жер убактылуу ижарага берилип, Кыргызстандын менчигинде туруп жана коргоого алынат. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар. Көптөгөн мамлекеттер мындай келишимдер аркылуу миллиарддаган пайда көрүп жатышат. Алай өрөөнүнөн жер берилет деген бул калп сөз. Газ кууру боюнча тиешелүү келишимдер Жогорку Кеңеш тарабынан тиешелүү ратификациядан өткөн”.

Келишимде кемчиликтер болушу мүмкүн

Мурдагы вице-премьер-министрлер Базарбай Мамбетов менен Абдрахман Маматалиев келишимдеги газ транзити үчүн мамлекетке түшө турган пайданы так аныктап, улуттук коопсуздукка шек келтире турган жагдайларды оңдоону сунуш кылышты. Базарбай Мамбетов кыргыз тарап Кытай менен газ транзити боюнча коңшуларга караганда, бир топ ыңгайсыз келишим түзгөнүн мисал келтирген.

“Казакстан менен Өзбекстан Кытай түркмөн газын сатып алып өтүшү үчүн өздөрү газ куурларын куруп, пайдалана турган компанияларды түзүшкөн. Казакстандын «Казтрансгаз» компаниясы 1000 чакырымдай газ куурунан алынып өткөн газ транзитин жылына 1 миллиард доллардан ашуун акчага баалашыптыр. Биз да өзүбүздүн компанияны түзүп, газ куурун салсак, анда ошол 224 чакырым үчүн Кытай бизге 300 миллион долларга жакын акча төлөп бермек. Бирок биз менен болгон келишимде Кыргызстан үчүн пайдалуу боло турган ошондой шарттар каралбай калган”.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Мамбетовдун көтөргөн маселеси маанилүү экенин айтып, ал келишимдин шарттарында коррупциялык коркунучтар болушу мүмкүн деп шекшийт. Ошондуктан Маматалиев бул үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуш кылды.

“Азыр тез арада бул маселени кайра карап чыгып туруп, мамлекеттик комиссия же депутаттык комиссия түзүп, келишимдин шарттарынын кесепеттерин иликтеш керек. Себеби келишимде чынында эле газ алып өтүш үчүн транзиттик акынын өлчөмү так аныкталып, көрсөтүлбөй калган. Бул жерде газ транзитинин пайдасы жана коопсуздук маселеси бар. Бул долбоор ишке киришкенге чейин келишимди кайрадан карап чыгып, ошол маселелерди жөнгө салуу зарыл”.

Кыргызстанга куурунан бир гана пайда табат

Кыргыз-Кытай газ куурун куруу Кыргызстандын экономикасына пайда алып келе турган чоң экономикалык долбоор. Себеби Кыргызстан аркылуу кытай тарапка канча куб метр газ кетсе, алар ар бир кубуна транзит үчүн 4 доллардан төлөйт. Ошондо жылына биздин бюджетке болжол менен 40 млн доллар түшөт. Келечекте анын көлөмү 90 млн долларга чейин жетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Эксперт Шаирбек Маматокторов газ келешиминде Кыргызстан эч нерсе жоготпосун, бир гана пайда көрөрүн айтат.

“35 жылга түзүлгөн келишимде биздин өлкө 2 млрд доллардан ашык киреше түшүп атат. Ээн талаа болгон жака инвестиция тартып, инфраструктураны оңдоо, интернет тартып баруу, жеригиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу мунун эмнеси жаман. Ушул жагдайлар ишке аша турган болсо Кыргызстандын экономикасына чоң таасирин тийгизет. Кыргызстан булардын баарын өз алдынча жасоого азырынча чамасы жетпейт. Ошондуктан жакшы нерсени жакшы деп айтып көнөлү”.

Долбоор 2019-жылы башталып, 2022-жылы аяктайт

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Бээжинге болгон расмий иш сапарынын алкагында Кытайдын лидери Си Цзинпинь менен жолугушканда газ маселеси көтөрүлүп, келишимге кол коюлду. Жаңы протоколго ылайык, «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө 2013-жылдын 11-сентябрындагы өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизилди. Анда келишимдин мөөнөтү 35тен 41 жылга узартылды. Жаңы протоколго ылайык, Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ куурунун курулушу 2019-жылы башталып, долбоор боюнча үч жылды камтып, 2022-жылы бүткөрүлөт. Курулуш аяктагандан кийин долбоордун ээси анын үстүн кайра айдоого же башка максатта пайдаланууга ыңгайлаштырып берет. Экономисттер «Туркмөнстан-Кытай» долбоору экономикалык жана саясий пайдалуу долбоор экендигин, транзит өлкөлөр ар качан пайда гана ала тургандыгын, курулуш иштеринин жүрүшүндө Кыргызстан кыйынчылык тартпай тургандыгын белгилешүүдө.

Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө 100 млн. доллар бөлөт

Кытай бүгүнкү күндө Кыргызстандын ири соода өнөктөшү болуп, бир катар колдоолорду көрсөтүп келет. Ошондой эле акыркы жылдары Кытай Кыргызстан менен соода сатык кылган 10 мамлекеттин катарына кирген. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу 2017-жылы 1 миллиард 600 миллион долларды түзгөн. Бирок бул сумма мурдагы жылга салыштырмалуу 10 пайызга азайган. Муну экономика министрлиги ири долбоорлордун кыскартылып кеткени менен байланыштырды. Экономикалык жаатта Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, аларды таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар бөлмөй болду. Тиешелүү макулдашууга президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапарында жетишилди. Бул каражат кайтарымсыз гранттык негизде берилет. Кыргызстан Кытайга аймактарды өнүктүрүү багытында жалпысынан 48 долбоор сунуш кылган. Буга кошумча Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз гранттык негизде 600 миллион юань берет. Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, бул каражат жол куруунун үчүнчү фазасына жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшалат. Акча 2020-жылдан баштап бериле баштайт.

“Бул жетишилген келишимдердин бир гана бөлүгү болду. Мындан сырткары Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу, соода жүгүртүүнүн, инвестициянын көлөмүн көбөйтүү тууралуу маселелер дагы талкууланып орток пикир табылды”.

Мындан ары дагы Кытай Кыргызстан менен байланышты “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында бекемдей берерин адистер белгилешет.

Илгиз ЖАМАЛБЕКОВ

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости