• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кытай кол чатырынын алдында

china

👁 1,927

Эми КНДР айыптоодон мурда, алар КЭР менен иш алып баруусу керектигин билиши керек. Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын кайрадан биригишти. Ооба! Таң калуунун кереги жок. Бул тарыхый окуя ишке ашты.

Буга чейин таарынычтар, кыжырдануулар тууралуу бир топ жолу айтылган эле. Бирок Түндүк Кореянын лидери жети жылдан кийин биринчи жолу өлкөдөн чыгып, алгачкы сапарын Кытайга жасады. Жабык эшик артында Кытай резиденциясында 3 күн болду. Кытайга Ким Чен Ын жеке «бронепоезди» менен барганы тууралуу кептер айтылууда. Кореялык лидерди жогорку деңгээлде кабыл алышкан.

Жада калса Трамптан дагы жакшы тосуп алышканы айтылууда. Себеби соода согушун жарыялагандар согуштагы тактиканы түшүнүүсү керек: менин душманымдын душманы менин досум.

Бул сапар достук гана эмес, туугандык болду. Си Цзиньпинь конокко тууганым деп кайрылбаса дагы досум деп кайрылары турган иш.

Денуклеаризация маселеси чечилген жок, муну эки лидер тең жакшы түшүнүп жатышат.

“Региондо жана дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына карабай, биздин элге жана дүйнөдөгү адамдардын баарына пайда алып келүү үчүн биз КНДР менен биргеликте кол кармаша алдыга жылууга даярбыз, узак мөөнөттү, туруктуу мамилелерди өнүктүрүүнү каалайбыз”,-деди КЭР лидери Си Цзиньпин.

“Бул жаздагы биринчи жолугушуу достук түшүмүн берет деп ишенем, ошондой эле Кореялык жарым аралда жана планетада туруктуулукту орнотуп, тынчтыктын болуусуна өбөлгө болот”,-деди Ким Чен Ын. Айырманы сезгиле.

Бирок эч кандай айырма жок. Демек, алардын “кызыл кнопкасы” чоң болгон жерде айырманы сезишет. Кытайдагы “сенсация” тууралуу кабарлар ошол жактан келип жатканы жөн жерден эмес.

Пекинге Ким Чен Ын келгени боюнча Вашингтон жана Сеул тынчсызданды. Бирок Түндүк Кореянын лидери кеткенден кийин гана Кытайдын коммунисттик партиясынын төрагасы алардын жолугушуусунун максаты тууралуу билдирүү жасады.

Тактап айтканда, алар эмнени каалашканын баары билишти. Бир көз караш, бир багыт, достук жана жардам берүү.

Ооба, бул төңкөрүш болсо керек. Бирок жакшы мааниде. Алар баарын өз ордуларына келтиришүүдө.

Бул демек КНДР менен тирешүүнү каалагандар КЭР менен иш алпаруусу керек дегенди түшүндүрөт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости