Пекинде өткөн Global Space Exploration 2017 конференциясында кытай окумуштуулары айдагы изилдөөлөрдүң программалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, алар “Айдын бетинде мини-экосистема” түзүүнү пландашууда.
“Мини-экосистеманы иштеп чыгуу менен Чунцинск университетинин адистери алек болушууда. Ал узун туурасы 18–16 сантиметр болгон цилиндрден турат, аны Айга 2018-жылы «Чанъэ-4» планеталар аралык автоматтык станциясы жеткирет”,- деди профессор, долбоордун башкы жетекчиси Се Гэнсинь. Цилиндрдин ичине картошка көчөтү жана курт-кумурскалардын личинкалары салынат.
Долбоордун максаты – Айда картошка өстүрсө болобу жана курт-кумурскалар жашап кетеби деген суроолорго жооп алуу. Эгерде жыйынтык ийгиликтүү болсо анда Марста функционалдык колония түзсө болот. Долбоордо жалпы 257 эксперименттик идеялар бар жана аларды иштеп чыгууга Кытайдын университеттеринен 28 окумуштуу катышууда.
Эске сала кетсек, Кытай Айда эл аралык космодром салууну көздөп жатат, ал Марсты колонизациялоо үчүн алгачкы пункт болмокчу. Апрелде Кытайдын жана Европалык космикалык агенттиктин өкүлдөрү туризмди өнүктүрүү жана пайдалуу кендерди казуу боюнча базаны биргеликте колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.
Айды Кытай 5 жыл изилдегени турат. Алар спутниктен Жерге топуракты алуунун автоматтык жолдорун ойлонушууда. Ал эми айга космонавттарды жеткирүү үчүн кытай инженерлери «Орионго» окшош корабль иштеп чыгышууда, ал NASA жана ESAда курулат.
Ал эми 5 жылда Кыргызстандын экономикасы санарип форматка өтөт деп күтүп туралы.