• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыштан чыгууга 2 млн тонна көмүр керектелет

tets

👁 1,080

Акыркы учурда көмүрдүн баасы кымбаттагандыктан айрым жарандар өз алдынча көмүр казып алышууда. Себеби, эл өзү казып алган көмүр салыштырмалуу арзан болот. Бирок, коопсуздук эрежелери сакталбай, бул көрүнүш көмүр казуучулардын өлүмүнө себеп болууда. Мындан сырткары көмүр казылып алынган жерди экинчи жолу кайра иштетүүгө лицензия берилип жаткандыктан, кырсыктар көп катталууда.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көчөлөрдө же үйлөрдө көмүр саткандарга текшерүү жүргүзүлүп, муну тыюу зарылдыгы да айтылууда.

Ошондой эле өкмөт Кыргызстанда казылып алынуучу көмүрдүн баасын төмөндөтөт. Бул үчүн мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы киргизилээрин экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирген.

Эки-үч жыл түштүк региондордо көмүрдүн баасы туруктуу болчу. Азыр Тажикстан, өзгөчө Өзбекстан ачылганы көмүр кымбаттап кетти. Эки-үч жума ичинде түздөн-түз мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизебиз өкмөттүн чечими менен. Бааларды кармайбыз. 7 сомдон түшүрөбүз. Монополияга каршы мекеме разрездин өзүндө 1200 сом деп аныктап берген. Ташууга кеткен чыгымдарды эске алыш керек”.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Кыргызстандын түштүк аймагында көмүрдүн баасы өтө жогорулап кеткенин кошумчалады. Депутаттын айтуусунда, былтыр бир тонна 4 миңдин тегерегинде болсо быйыл 8–9 миңге чыгып кеткен. Кыргызстандын түштүк аймагында көмүр негизинен Таш-Көмүрдө жана Сүлүктүдө өндүрүлөт.

Мына ушул көмүр маселесинин айланасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Улан Рыскулов төмөнкүлөргө токтолду.

“Кыргызстан боюнча, 623 топ база ачылып иштеп жатат. Чүй облусундагы топ базаларда көмүрдүн баасы 6300–4200 сомдон сатылууда. Нарын облусунда 68 топ база бар, 1100–3500 сом болууда. Таласта 63 көмүр сатуучу базаларда 3800–5000ге чейин. Ысык-Көл облусунда көмүрдүн орточо баасы 2800–5000. Азыркы учурда чек арадагы жагдайга байланыштуу Казакстандын көмүрү кирбей жатат. Себеби, алар өздөрүнө көмүр ташып жатканын айтышууда. Эми Кыргызстанды өзүбүздүн көмүр менен камсыз кыла алабыз. Кыштан чыгууга жетет. Бүгүнкү күндө «Кабак» көмүр бассейнинде көмүрдүн запасы жетиштүү. Балыкчыда 20 миң тонна даяр көмүр бар. Кара-Кече менен Миңкушта миң тонна көмүр бар”- деди.

Маалымат ирээтинде:

Кыргызстанга кыштан чыгуу үчүн 2 миллион тоннадан ашык көмүр керектелет. Бюджеттик мекемелерге 241 миң тонна, элдерге миллион тонна, Бишкек жылуулук борборуна 1 миллион тонна көмүр сарпталат. Быйылкы кыштан чыгууга көмүр жетиштүү.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости