Карапайым калк кышка даярбы? Кыргызстандын көмүр базарында абал кандай? «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын техникалык директору Бобров Валерий Владимирович ЭКОНОМИКАГА маек берди.
–Кыш суук болорун айтышууда, көмүрдүн баасы канча болот?
Учурда биринчи кезекте көмүрдүн баасы канча болору карапайым калкты түйшөлтүп келет. Дароо айта кетейин, Кара-Кече жана башка көмүр кендери бааны жогорулаткан жок.
6–7 жыл катары менен ишканалар бааны көтөрбөй эле турат. Ал эми базарда болсо өз эрежелери бар, ташууга кеткен чыгым канча көп болуп, аны канчалык алыска ташышса, баасы ошого жараша жогору болуп келет. Учурда базарда көмүрдүн көлөмү жетиштүү. Суук түшөрү менен көмүргө болгон суроо-талап өстү.
Облустардагы баа боюнча мониторинг:
Чүй облусунда 3400 сомдон 4100 сомго чейин;
Нарын облусунда 1300 сомдон 3600 сомго чейин;
Талас облусунда 3200 сомдон 4500 сомго чейин;
Жалал-Абад облусунда 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
Ош облусунда 3500 сомдон 5500 сомго чейин;
Баткен облусунда 1000 сомдон 6000 сомго чейин;
Ош шаарында 3500 сомдон 4000 сомго чейин.
Бул баалар базар баалары.
Кара-Кечеден чыккан баа 1200–1300 сом. Ал эми Бишкекте 4000 сом. Баа көтөрүлбөйт деген кепилдик жок.
Эмнеге баалар ар кандай? Түштүк жылуураак жана кыш кыска го, ал эми баа болсо 6000 сомго жетүүдө. Себеби көмүр ишканалары көмүрдү жер алдынан казып алышат. Бул болсо көп чыгымды талап кылат.
Учурда Кара-Кечеде жаңы аймак ачтык. Ал жакта жакшы сорттогу көмүр төгүлөт, болжол менен 50 миң тонна көмүр түшүрүлөт. Учурда иш жүрө баштады, демек кышкыга көмүр жетиштүү болот. Бул кыш кандай болорун билбейм, бирок кыш деген кыш да, көмүр сөзсүз керек.
- Суткасына канча тонна көмүр казылып алынат?
Өлкө боюнча 8 айда 1 млн тонна көмүр казылган. Көбүнесе жайында казылат. Көмүргө болгон суроо-талап ал учурда жок болот. Октябрь айынан декабрь айына чейин суроо-талап күч болуп баштайт. Биздин тажрыйбабыз боюнча төртүнчү кварталда рынокто активдүүлүк байкалып, шахтерлор көмүрдү көп казып, көп ташып башташат.
–Биздин көмүр кайсы өлкөлөргө экспорттолот?
Түштүк аймактын көмүрү кобүнчө экспортко кетет. Былтыр Кытайга, Тажикстанга, Өзбекстанга ташылган. Жалпы 200 миң тонна көмүр кеткен. Быйыл 140 миң тонна көмүр төгүлдү. Коңшуларга жок дегенде 200–220 миң тонна көмүр жөнөтүлөт.
–Казактардын жана кыргыздардын көмүрүнүн баасында айырма барбы?
Баалары бирдей эле, балким 100–200 сом айырма болсо керек. Баары адамдар кайсы көмүрдү жагууга көнүп калгандыгынан болот. Айрым учурларда Кара-Кеченин көмүру кымбат болуп калат, демек калктын суроо талабы көп.
–Көмүрдүн сапатычы?
Сапатка келсек ар ким өзү тандайт. Биздики дагы казактардыкы дагы сапаттуу. Дагы бир жолу кайталап кетейин, ар ким көнүп калган көмүрүн колдонот экен. Бул мештен дагы көз каранды го. Айрымдарыныкында казак, айрымдарыныкында кыргыз көмүрү жакшы күйөт экен.
Базардагы бааны биз көзөмөлдөбөйбүз. Шахталардан чыгып жаткан бааны гана көзөмөлгө алабыз. Базарды болсо монополияга каршы комитет текшерет. Мурдагы жылдары бааны 1000 сомго төмөндөтүшкөн, бул абдан жакшы жыйынтык. Себеби биздин кенден гана 170 миң тонна көмүрдү ата мекендик рынокко чыгардык.
Айзада Кыдырмышева