Министрлик Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөн бойдон сакталаары тууралуу маалыматын эске алып, мектеп окуучулары үчүн каникулду узартууну чечти.
Беш күндүк тартипе окуткан мектептерде үч күнгө — 31 январь, 1, 2 февраль;
Алты күндүк окуу жумасы менен мектептерде төрт күнгө — 31 январь, 1,2,3 февралга чейин уланат.
Буга чейин министрлик “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 31 — беренесине ылайык, балдардын саламаттыгын сактоо максатында мектептерде 30-январга чейин окутуу убактылуу токтотулганы тууралуу билдирген.
Кесиптик билим берүү мекемелери чечимди кырдаалга жараша өз алдынча кабыл алат.