Анда автор Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев ачык эле айтып келген либералдык реформалар ишке ашпай калганын жазган. Президент айыл-чарба тармагына өзгөчө көңүл бөлүү керектигин айтып, айыл-чарбасын сактап кала алган Белоруссияны мисал келтирген. Кыргызстанда болсо азырынча айыл-чарбаны жана азык-түлүк өнөр-жайын өнүктүрүү азырынча байкала элек.
А. Атамбаев бул тууралуу 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айткан. Журналисттердин биринин жергиликтүү дүкөндөрдөгү белоруссиялык сүттөрдүн баасынын төмөндүгү тууралуу суроосуна Президент Белоруссияда айыл-чарбасына болгон мамиле башкача экендигин айтып жооп кайтарган.
“Баары айылда бир-экиден уй багышат. Тоют камдоодо кыйынчылыктар бар. Ишканаларды жылдап талкалашты. Мени эмнеге дайыма Акаевди жана Бакиевди эстеп турасың деп күнөөлөшөт. Анткени алардын иштери азыркыга чейин таасир берип жатат!” –деген Президент.
Чындыгында эл белорус сүтү 4 миң чакырым аралыкка карабастан кыргыз сүтү менен атаандаш. Бул бир гана сүт эмес, Белоруссиядан акыркы убакта импорттоо көбөйгөн.
Бирдиктүү бажы аймагы Минскке кыргыз рыногуна кирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Айыл-чарба тармагы СССР кулагандан кийин реформа болгон эмес жана Кыргызстан заманбап шарттарда өнүгө албай калган.
Кыргызстан башка жол менен кеткен. Биринчи кезекте совхоздор жана колхоздор тарап, заманбап кооператив принциби менен түзүлгөн. Бардык мамлекеттик субъекттер жергиликтүү калк тарабынан бөлүштүрүп алынган.
Картошка түшүм бере элек жатып эле жегенге болбой калат, анткени кыртыштын коррозия болуусунан улам түшүмдөр ичинен чирип алар экологиялык жактан таза азыкка кирбей калат. Үрөн чарбачылыгынын жок болуусу Кыргызстанда негизги тармактын бири болгон өсүмдүк өстүрүү тармагы айыл-чарба сыяктуу эле деградация болгон.
Мал чарбачылыгында көрүнүш деле ушундай. Учурда Кыргызстанда мал багуу кризиске учурап турган чагы. Майда жандыктардын саны 10 млндон 5 млнго азайган. Үй канаттуулары 14 млндон 5,6 млнго кыскарган. Ири мүйүздүү мал гана өз калыбында кармалып келет. Бирок асыл тукумдуулук жок болгондуктан сүт берүү азайган. Сүт саап алуу 3080 литрден 2000 литрге кыскарган. Башка көрсөткүчтөр деле дал ушундай. Мисалы жүн кыркуу 3 эсеге, жумуртка 2 эсеге кыскарган. Бүгүн өлкөгө Кытайдан өтө көп жумуртка алынып келинет.
Агрардык сектордун ыдыраганына улам ата мекендик өнүмдүн өз баасы жогору бойдон калууда. Айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү 12%дан ашпайт, бул өтө аз көрсөткүч.
Ветеринардык текшерүү тиешелүү деңгээлде болбогондуктан эт-сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү жогорулабай эле.
Фермерлер белоруссиялык өндүрүүчүлөр менен гана эме, ипорттолгон башка азыктар менен дагы атаандаша алышпайт.
Башкаларда мамлекеттик колдоо маалымат берүү менен гана чектелет жана донор мамлекеттер тарабынан бөлүнгөн каражаттар сол чөнтөккө салынган кыргыз фермерлеринен айырмаланып ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү атаандаштар мамлекеттен колдоо гана таппастан тармактар субсидияга ээ болуп, андан сырткары ири өндүрүүчү базаларды сактап кала алышкан.
Кыргызстанда кант өндүрүүчүлөр таттуу жашоо түшүндө гана көрөт. Канттын 80%ы башка өлкөлөрдөн импорттолот, көпчүлүк бөлүгү Белоруссиядан. Кыргызстан мурун өзүн гана камсыз кылбастан кантты башка өлкөлөргө дагы ташычу. Жети (!!!) кант заыодунун ичинен учурда бирөө гана иштейт.
Өлкөнүн айыл-чарбадан сырткары олуттуу өнөр-жай потенциалы жок.
2010-жылдан тарта тармакта эч кандай өзгөрүү болгон жок, 7 жыл аз убакыт эмес! Кооз сөздөр жана убадалар болгон, көптөгөн программалар жана долбоорлор бар болчу. Жаңы өкмөт дайыма айыл-чарба тармагы приоритеттүү экенин жана кайра иштетүүчү тармагын жандандыруу тууралуу сөз кылып келет, бирок натыйжа качан болору белгисиз.
Бүгүнкү күнү аймактарда ыйгарым укуктуу өкүлдөр кластердик өнүктүрүү компоненттерин киргизүүдө. Процесс башталды, бирок азырынча натыйжа тууралуу соз кылуу эрте. Эгерде эртең республикада президенттик шайлоо болсо өкмөттүн курамы дагы өзгөрөт дагы бул тармактын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бул болсо жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат дегендик.
Бул болсо мамлекет тарабынан колдоонун жок болгондугунан болууда. Жергиликтүү коммерциялык банктар берген насыяларды бардыгы эле ала алышпайт.
Бирок азырынча Кыргызстанда кооперативдик кыймылдар өнүгөт деп ишенип туралы, анткени бул тармакта мамлекетте потенциал бар.
Эми бийлик баштаган ишти акырына чейин чыгаруусу үчүн мамлекеттик эрктүүлүктү көрсөтүүсү керек. Ал эми кайсы өлкөдөн үлгү алышары, Белоруссияданбы же башка жактанбы муну жетекчилик гана билет. Жөнөкөй калкка болсо үлгүнүн же программанын аталышы маанилүү эмес. Алар үчүн өндүрүштүн жогорулоосу жана туруктуу болуусу биринчи орунда.