Документке Инвестицияны өнүктүрүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алымбеком Орозбеков жана Кытайдын Паньцзинь шаарынын администрациясынын өкүлү Ху Дэсян кол коюшкан.
Меморандумдун негизги максаты – мамлекеттик агенттик менен аталган шаардын ортосунда «Лэнд Оушен Энержи Сервис Ко ЛТД» жана «КНГ Гидрокарбонс» ЖЧКсынын долбоорун ишке ашыруу болуп саналат. Бул компаниялар мунайды кайра иштетип чыгуучу заводдорду салуу жана оңдоо, мунайды чыгаруу жана мунай чыккан жерлерди иштетүү менен алек болуп келишет.
Паньцзинь шаары Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляонин провинциясында жайгашкан. Ляонин провинциясында өнөр-жай ылдамдыкта өнүгүп, деңизге чыгуу менен өнүмдү экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Паньцзинь шаарында болсо мунайды иштетүүчү 2 чоң комплекс жана ЖЭБ жайгашкан.
Кол коюлган документ Кыргызстанга эмне берет? Биздин мамлекетке мунайды кайра иштетүүчү завод куруунун зарылчылыгы барбы?
Биз учурда Кыргызстанда мунайды кайра иштетүү жана аны өндүрүү боюнча статистиканы карап көрөлү.
Негизги кен чыгуучу жерлер Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Аны мамлекеттик “Кыргызнефтегаз” ишканасы иштетип келет.
Учурда алардын 70%ы иштетилип, калган кордун 80%ына жетүү өтө татаал экени белгилүү. Аларды иштетүү үчүн атайын технологияларды колдонуу абзел жана кошумча чыгымды талап кылат.
Бул заводдор учурда толук кандуу иштебей келет. Себеби чийки зат керектүү көлөмдө жок. Учурда мунайды кайра иштетип жаткан 1 гана «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясы өз ишин так аткарып келет. Ал «Кыргызнефтегаз» өндүргөн затты кайра иштетет.
Андан кийин Токмокто 24 гектар жерди ээлеген, 500 миң тонна өнүм чыгарууга багытталган “Китайская нефтехимическая корпорациясы” курулууда. Бензин, дизель, суюлтулган көгүлтүр от жана башка өнүмдү чыгаруучу заводго кытай инвесторлору 60 млн доллар салышкан.
Бирок бул ишканага чийки зат кайдан алынып келинет? Бул завод эмнени иштетет азырынча эч ким ойлоно элек.
Ал эми Кара-Балтада заманбап технологиялар менен камсыздалган “Жунда” заводу курулган. Бул заводго чийки заттын көбү Казакстандан жана аз бөлүгү Орусиядан алынып келет. Ошондой эле Кочкор-Атадан да чийки зат алган учурлар болгон. “Жунда” заводу жылына 800 тонна мунай чыгарууга эсептелинген.
Бирок былтыр өкмөт бул завод чийки заттын тартыштыгынан улам иштей албайт деген чечим чыгарган. Аны менен катар эле заводдо иш жакшы жүрбөй, жетекчилерине кылмыш иштери козголуп, менеджерлери камалып ызы-чуу үстүндө келе жатат.
Белгилей кетсек, Азербайжан 2013-жылдын акырында Кыргызстанда жылына 2 млн тонна өнүм чыгаруучу мунайды кайра иштетүүчү завод курууну пландап, бирок чийки заттын жетишсиздигинен улам бул оюнан кайтышкан.
Баарыбыз көрүп тургандай эле мунай заттарын Кыргызстанды камсыз кылгыдай кылып туруктуу иштетүү үчүн импорттолуп келинген чийки заттар колдонулат. Ал чийки заттарды алып келүүдө акциздер жогору. Бул өлкөдө чыгарылган мунай заттарынын сапатын начарлатып, атаандаштыкка жөндөмүн төмөндөтөт.
Негизги камсыздоочу — «Газпромнефть-Омский нефтеперерабатывающий завод» ААКсы. Ал эми калган 5%ын болсо жергиликтүү заводдор чыгарат. Мамлекеттен чыгарылган мунайдын сапаты начар болгондуктан импорттолгон мунай менен салыштырып болбойт.
Эми Кытай менен Кыргызстандын ортосунда кол коюлган Меморандумга кайтсак. Бир чети кытай инвесторлору, Кытайда өтө тездик менен өнүгүп жаткан провинция Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экени кубандырат.
Бир чети иштетилбей турган мунайды кайра иштетүүчү заводдордун өлкөгө кереги бар беле деген ой туулат.
Баарыбыз билгендей эле өз каражатын, өздөрүнө келчү пайданы “жети өлчөп бир кескен” кытай ишкерлеринин башка бизнес пландары бардыр?
Балким кытай инвесторлору бул маселе боюнча жашыруун маалыматка ээ болуп жүрбөсүн?